www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Качандыр акылман карыя болуп, анын тогуз уулу бар экен. Бирок балдары атасы айткан акылды укпайт, ар кимиси өз бетинче жүрөт, ага сырт кишилердин баары күлөт. Чоңу кичинесин сабайт, киченеси чоңуна акырая карайт.

Ырыс алды — ынтымак 3

Бирдиги жок тогуз баланы бөлөк кишилер уруп кетет, атасы балдарынын кылыгы жөнүндө терең ойго түшөт. Эч айла болбогон соң, чал өзү тоого барды да, үйүнө чоң тутам табылганы көтөрүп келип, балдарын чогултуп алды:

Кана балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн, мына бул табылганы тобу менен сындыргыла, деди. Тогуз уулдун ар бири кезектешип күчүн сынады. Бооланган тобулгуну эч кимиси сындыра албай, акыры шалдайып туруп калышты Карыя тобулгунун боосун чечип: Эми бирден сындырып көргүлө, деди. Балдары табылганы ошол замат чарт-чурт бөлүп:

Ырыс алды — ынтымак 4

«Мына, сындырдык!» деп мактанышты. Абышка балдарын отургузуп алып, нускалуу сөз баштады: Мен силердин келечегиңерди ойлоп капа болом. Душманыңар көп, эгер ыркыңар жок болсо, душман силерди жанагы жалгыз тобулгудай барчабурч сындырып коёт. Ал эми бооланган тобулгудай бирдиктүү болсоңор, сындырмак түгүл, силерди эч ким майтара албайт. Менин айтарым ушул, деди. Көп узабай абышка өлүп калды.

Балдары акылга келип, бирдик менен оокат кылып, касташкан душманды жеңип, артык дүнүйөсү болсо бейбечарага берип, ынтымактуу турмуш өткөрүптүр. «Ырыс алды ынтымак» деген сөз ошондон калган экен.

Булак:kyrgyz-audio.com

Последние новости