www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев кызматына кайтып, кайра иштеп баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Мындан сырткары, Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбеков, Ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмаз Жумабеков да жаштардын демилгеси менен мурда ээлеген ордуна кайтып, жумушун башташкан. Талас облусун бир күн башкарган, тагыраагы, бир күн өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болгон Нуркан Токторбаев Мураталиевдин коомдук башталыштагы жардамчысы болуп дайындалганы маалым болду.Марат Мураталиев легитимдүү өкмөт шайлангыча аймактын тынчтыгы үчүн иштеп берерин айткан. Ага кошумча Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов,

Жалал-Абад мэри Мураталы Тагаев да кайрадан жумушуна келгенин аймактык кабарчы маалымдады. Ал кызматка элдин суранычынан улам кайтканын айтып, легитимдүү өкмөттүн буйругу келген күнү кызматын тапшырууга даяр экенин билдирген.

Эске салсак, 6-октябрь күнү шаардык мэрияга эл чогулуп, мэрдин кызматтан кетүүсүн талап кылган. Тагаев өз каалоосу менен арыз жазып, кызматын тапшырган. Кийин шаардык кеңештин чечими менен убактылуу мэр болуп Нуртилек Орозбаев дайындалган. Бирок элдин өтүнүчү менен Мураталы Тагаев кайра өз ордуна келип, ишин баштаганы айтылды, де жазып чыкты https://sputnik.kg/

Булак: NazarNews.kg

Последние новости