www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оппозициялык саясатчы Аида Салянова мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баштаган куугунтугу жана андан кийинки чабуулдар уланууда деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкек шаардык сотунда жарыш сөз берилбей койгондон кийин журналисттерге билдирди.
Салянова аны каматууга судьяларга акча берилгени тууралуу маалымат тарап жатканын, тартип коргоо органдары мунун калп-чынын иликтеши керектигин айтты:
- Мени жоопко тарткан адамдардын мындайга барарын түшүнсө болот. Анткени Атамбаев тарабынан куугунтук башталганда алардын баарынын чырагына май тамып, баш көтөрө башташкан. Балким Атамбаев атайын ошондой кылган, ар тараптан чабуул башталсын деп. Ал адамдарга Салянованы соттотууга аябай чоң мүмкүнчүлүк болуп жатат. Ошондуктан, алар акча гана эмес, болгон аракеттерин жумшашы толук мүмкүн.
Салянова райондук соттун өкүмү мыйзамсыз болгонун билдирип, “Бир да катта менин колум же тигил башкармалык карасын, мындай чечим даярдалсын деген сөз жок”, “Күбөлөрдүн баары “Салянова мыйзам бузган, лицензияны туура эмес узарткан деген сөз эч жерде болгон эмес” деп айтышты. Болгондо да анын баары айыптоочу тараптын күбөлөрү болчу. Бирок алардын айткандары сотко эч таасир эткен жок” деди.
Депутат белгилегендей, “Елисеевдин лицензиясы эч саясаты жок, мыйзамдуу узартылганы чоң криминал, өтө оор кылмыш катары көрсөтүлүп жатса мунун фонунда миллиондогон уурдоолор, мамлекетти талап-тоноолор даана кылмыш экени көрүнүп калат, элден да жаап-жашырууга мүмкүнчүлүк аз болот”.
“Эл баары бир тараза”- деп кошумчалады Салянова.
Булак:NаzarNews.kg