www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев акыркы учурда Кудайын тааныбай көөп кетти. Мунун жоругу жолдо калгыр окуялары оголе көп. ЖКда кен, электр багыттарын тейлеген “майлуу” комитетти мыкчып олтурат, көптөн бери жетекчеп. Өткөндө катуу суукта депутаттар “тоңуп” калган ТЭЦти текшерип барган учурда бул эргул ТЭЦтин ахыбалы тууралуу маселени, айрым бир жетекчилерге үйрөтүп жатат: “Мен мындай суроо берем,сен минтип жооп бер”- деген кыязда.
Анын минтип укмуш акылдуу болуп, опулдап сүйлөп жатканын ал жакка барган журналисстер видеокамерага тартып, интернетке жарыялашты. Учурда бул маселе боюнча кызуу талкуу болуп, Кожобекти сөккөн эле кишилердин саны арбып турат. Неге дегенде, опулдаган Кожобектин деңгээли ченелүү жана арты да таза экенин билет. Дагы убакыттар өтсө далай былыгы ачыкка булайып чыгып калышы ажеп эмес.
Булак: "Багыт"