www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депкир менен сабалган 3 жашар баланын абалы оо бойдон калууда. Учурда Ош шаардык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө. Бул туурасында Ош ШИИБнин басма сөз катчысы  Замир Сыдыков билдирди. Мындан сырткары, баласын сабаган эне Жалал-Абад шаарындагы аялдар түрмөсүнө эки айга камакка алынганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Ошто 3 жаштагы баласын энеси кепкир менен комага түшкөнгө чейин сабаган. Анда баласынын ички органдары жабыркап, денеси кѳгала, баланын баш мээсине кан уюп калган. Бул боюнча энесинини үстүнѳн Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 234-беренеси боюнча  кылмыш иши козголу , Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 1994-жылы туулган А. Д. энеси эки айга камакка алынган."Учурда баланын абалы ѳтѳ оор. Ички органдары жабыркап, денеси кѳгала. Баш мээсине кан куюлуп кеткен. Ооруканага энеси өзү алып келген. Ур-токмокко алганын жашыруу үчүн "тепкичтен жыгылып кетти" деп маалымат берген. Кийин ал баласын сабаганын мойнуна алган.
Себебин да жашырган жок: “ баласы шымына заара ушатыпкойгон үчүн анча каттуу эмес урганын” айткан. Ошондой эле ал күйөөсү менен ажырашып кеткенин жана  жалгыз жашаарын айткан.

Ал ошол учурда абдан нерв болуп катуу сабап салганына өкүнүп жаткандыгын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости