www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аида Саляновага шашылыш өкүм чыкты

7 – февралда  шаарык сот шашылыш түрдө өкүм чыгарды. Депутат Аида Саляновага акыркы сөз бербей туруп, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Соттон чыккандан кийин журналисттердин бир топ суроолоруна депутат жооп берди. “Эмне мындай шашылыш чечим болду? Кандай кадамдарга барасыз?” деген суроолоорго, Аида Жеңишбековна кыскача мындай деп жооп берди: “Адилетсиз чечим болду.

 Мыкты, тажрыйбалуу адвокаттар күнөөм жок экенин далилдеп атса да, көзгө чукуп айтып жатсак да, аны соттор эске алышкан жок. Булардын максаты – менден мандатты алуу. Аларга мандат маанилүү болсо, мен үчүн маанилүү эмес. Себеби, мандат мага статус үчүн эмес, микрофон үчүн керек болчу. Микрофон дегеним, парламенттеги трибунадан элдин көйгөйүн, үнүн жеткирип туруу болчу. Мен мындан ары да арызданам, мыйзамдуу кадамдарды жасайм. Себеби, соттун чечими туура эмес, мыйзамдуу эмес!”

Булак: "Азия news"

Последние новости