www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 6 - февралынан баштап Саламаттык сактоо министрлигинин
статс-катчысы Калыс Шадыхановдун демилгеси менен борбордук аппараттын
кызматкерлерине кыргыз тилинде сапаттуу иш алып баруу үчүн жана
Өкмөттүн “Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик
кызматчылардын дана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилде
өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү
деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынын ишине кргизүү мөөнөтү жөнүндө ” токтомун
үйрөтүү максатында атайын окутуулар башталды.

Кызматкерлер үч топко бөлүнүп окутулат. Окуу курсу 2018-жылдын
28-февралында аяктайт.Окуу жумасына үч жолу өткөрүлүп, курс
аяктагандан кийин курсанттардан экзамен алынып, тастыктама тапшырылат.

Окуунун ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев
да катышты.

“Урматтуу саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери, бүгүн сиздердин
министирликте олутуу салмактуу иштер өткөрүлүп жаткандыгы боюнча бизде
маалыматтар бар. Быйыл мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл
алынганына 29 - жыл кетти, бирок агым абдан жай жүрүп жатат, анткени
мунун объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Дүйнөдө беш жарым
минден ашык тил бар, ошонун 197-синин гана мамлекети бар, калган
тилдердин мамлекети жок, анын 194-тү Бириккен Улуттар уюму тарабынан
мамлекет, өлкө катары таанылган. Ушул 194 өлкөнүн ичинде биз барбыз,
Бириккен улуттар уюмуна мүчөбүз, бул эми, кайталангыс  зор байлык.
Бизден күчтүү, бизден да бай тарыхы бар айрым этностор бүгүнкү күндө
мамлекеттүүлүккө ээ боло албай жатышат. 15 союздук республикада эң
башкы тил, бул орус тили болгон, ошол мурастан кутулбай калган бир эле
өлкө бар, ал Кыргыз Республикасы. Ошондуктан, орус тили бизди чоң
ийгиликтерге жеткиргендигине карабастан, биз өзүбүздүн тилибизди
сактап калганга болгон аракетибизди жумшайлы” – деп баса белгиледи
Назаркул Ишекеев, КР – нын Президентине караштуу мамлекеттик тил
боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы.

“Бүгүн биз чоң иш-чараны баштаганы турабыз, бул биздин борбордук
аппаратта кесиптештерди кыргыз тилинде эркин сүйлөө, жумушту кыргыз
тилинде так аткаруу маселеси. Акыркы жылдарда мамлекеттик тил маселеси
көп көтөрүлүп келе жатат. Баардык министрликтерде бул жумуштар жүрүп
жатат, ошондуктан саламаттык сактоо министрлиги да бул тараптан
калбашыбыз керек, кошо жүрүшүбүз керек”,- деп белгиледи Калыс
Шадыханов, статс-катчы.

С благодарностью за сотрудничество,

Пресс-центр Минздрава КР, тел. 665 830

Контакты:

Жылдыз Айгерчинова - пресс-секретарь, тел. 0556 303 086;
Анарбек Алимахунов - заведующий отделом по связям с общественностью
Республиканского центра укрепления здоровья (РЦУЗ), тел. 0555 252 516;
Елена Баялинова - консультант Пресс-центра Минздрава КР, тел. 0555 758 255;
Канатбек Ирназаров - видеооператор Пресс-центра Минздрава КР, тел. 0771 542 322.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости