www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адегенде Аида Салянованын бир тууганын өлтүрүштү, ошол эле учурда буйрутма тергөө жана сот иштери жүрүп жатат. Инисинин кыркы боло электе соттоону кайрадан улантышты. Дагы бир эске алчу жагдай Воронцова мыйзамды бузуу жолу менен бул процессти өзүнө өзү тапшырып алып, төрагалык кылып да жатат. Видеозаписке тыйуу салды, коомдук жактоочулардын катышуусуна тыйуу салды, бардык ходатайстволорду четке какты. Бул нерсе албетте Аида Салянованын актыгын каңкуулайт дечи. Анткени менен керели кечке өзүн жаман сезип турганына да карабай соттук ишти уланта берди, өзү суранып жатса да уккан жок. Ушунун баарына кайсы жүрөк чыдайт ? 

Мен бир гана адвокат эмес, мугалим да болуп иштейм. Келечектеги юристтерди кантип мен ушундай болгула деп тарбия берем ? Кантип ушундай мыйзамсыз иштерди жасаган адамды үлгү кылып айта алам !  Бүгүн болбосо эртең сиздердин жакындарыңыздар ушундай адилетсиз соттордун, юристтердин курмандыктары болуп калышы мүмкүн !   Ошондуктан бул системаны өз колуңуздар менен алып салыңыздар !   Жетишет мындан аркысына жол бербөө керек !
 

Последние новости