www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадрдык муктаждыкты жоюу үчүн депутат маалыматтык база түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Руслан Казакбаев жыйында маалымдады.

Эл өкүлү акыркы үч айда 3 вице-премьер-министр алмашып,өкмөттөгү жогорку орундарга дагы татыктуу адистер табылбай жатканына кенен токтолду.

«Бизде кадрлардын туруктуулугу болбой калды. 13 жылда Экономика министрлигинде 12 министр, 24 жылда Маммүлкфонд жетекчиси, 8 жылда Өнөр жай жана энергетика министрлигинде 8 министр, акыркы 3 айда Улуттук банкта 3 жетекчи алмашты. Ушу тапта көптөгөн мыкты кадрлар жумушсуз жүрөт. Өкмөт кардар маселеси жаатында дыкат талдоо жүргүзүп, кадрлардын маалымат базасын түзүүгө тийиш. Мыкты кызматкерлер чет өлкөлөргө кетип жатат. Ал эми жанагы Мамлекеттик кадрлардын резервин түзүү идеясы жакшы, бирок эч качан аткарылбай турган нерсе», — дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости