www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыздар Егордун сүрөтүн уюлдук телефондорунда сактап, уктоочу бөлмөлөрүнө илип, көп кыялданышат. Бирок, жылдыздуу бойдок ырчы мырза олуттуу сүйүү мамиле курбаса да, сүйүү темасындагы ырларды тынымсыз чыгарып келет. Бул ирет Егор бизге өзүнүн жеке жашоосу, жаман адаттары тууралуу кеңири айтып берди.

- Егор, жыйырма жылдан кийин өзүңдү кандай элестетесиң?

- Мен жөн гана кыялданбастан, өзүмдү 42 жашка чыкканымды көргүм келет. Буюрса, согуш болуп кетпесе эле ага чейин жашайт болушум керек. Бирок, мен негедир алдын ала план түзгөндү көп жактыра бербейм.

- Чет өлкөгө тынымсыз чыгып турасың. Ал жактан башка ырчылардын концерттерине барып турасыңбы?

- Дайыма барып турууга мүмкүнчүлүк болбойт. Чоң залдарда боло турган концерттерге бара албайм. Буга чейин АКШда Бейонсенин жана Жастин Бибердин Германияда болуп өткөн жеке концертине баргам. Бибер концертке чейин эмне менен алек болгонун билбейм. Концерт учурунда абдан чарчаңкы болгон. Жандуу үч эле ырын ырдап, калганын фонограмма менен өткөргөн. Концертке болгон кызыгуумду, каалоомду анын көңүлсүз ырдаганы жок кылып койгон.

- Акча санайсыңбы?

- Албетте. Себеби, ар бир тыйын ак эмгек менен табылат. Мен кооз буюмдарды жакшы көрөм. Баарыбыз укмуш жашагыбыз келет. Бирок, мен кымбат баалуу буюмдарды сатып алууга өзүмө жол бербейм. Канча коротсом, ошончо табышым керек болот.

- Көп адаттарың бар эле арыла алдыңбы?

- Бул жашоодо эки адатымдан арылып алсам калганын жеңип кетүүгө толук мүмкүн. Биринчиси, адамдар менен пикир келишпестик, экинчиси ата-энем менен талашып-тартышуу. Туура эмес кылып турсам да, кээде өзүмө жол берип койгонум үчүн өзүмдү жейм. Кайгырам...

- Апаңдын кайсы кеңешин угуп, аны аткарбайсың?

- Элдин баарына ачылып-чачыла берүүмдү апам каалабайт. Мен мээримдүүмүн. Баарына өз мээримим менен мамиле кылып, ишенип, болгонун айта берем. Баары болуп өткөн соң машымды мыкчып олтуруп калам.

- Сүйлөшкөн кызың барбы?

- Жок. Мындай сүйлөшүп жүргөн кыздарым бар. Алардын арасынан бирөө гана мени кызыктырат. Ал алыста жашайт.

- Психологдор “Мырзалар 30 жашка чейин үй-бүлө куруу керек. Болбосо ойноп кетишет” деп айтышат. Буга кандай карайсың?

- Мырзалар кандай куракта болбосун ар дайым ойношот. Ойнобогон эркек жок. Болгону бири-бирин сыйлаган, баарын жашырган идеалдуу түгөйлөр бар.

- Демек, үйлөнсөң деле жубайыңдын көзүнө чөп салат экенсиң да...

- Жок, мен азыр эч нерсе айткым келбейт. Болгону мен аялынын көзүнө чөп салбаган мырзаларды кезиктире элекмин.

- Учурда жалгыз жашайсың. Жалгыздыкты жакшы көрөсүңбү?

- Анча эмес. Көп убакытка жалгыз калсам, башыма ар кандай ойлор келе берет. Өзүм менен өзүм сүйлөшүп калам. Ошондуктан, жалгыз болсом жаныма досторумду алып келип алам.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Последние новости