www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ит жылында чамасы көп өзгөрүүлөр боло турган окшоп калды. Айрыкча партиялардын оомал-төкмөлүү турмушунда жаңылануу, жашаруу пайда болорун деле кысынбай айта кетсек эмне үчүн болбосун? Баягы даңазасы бар партиялардын деле кадамы ченелүү болуп калгандай. Маселен, аты илгери далайды түйшөлткөн “Ата Мекен” партиясынын абалы азыр ит уулугандай десек чычалабаса деле керек анын атка минерлери? Анткени кандай болгон күндө да Өмүрбек Текебаев башында болбогондон кийин анын жоргосун эми кайсыл шери кайкалатып жарышка салмакчы? Каныбек Капашовичпи, же Бахадыр Сулеймановбу, Наталья Никитенкобу? Садык Шер дагын антүүгө кудурети жетпейт.

Себеби, ал баары бир чыгармачылык ишине ооп кетет акырында. Демек, топ жарышка булар мындан ары салынбайт шекилди. Анын үстүнө булардын капчыгы азыр каңгырап бош турган кези. Башы ордундагы байлар булардын “үйүрүнө” кошулуудан эми баш тартышаары калп эмес. Ток этерин айтканда баштагыдай кезекке туруп, лидердин эшигин сагаалап партияга ашык болгондордун карааны жоголот. Илгери темир генерал болгон Феликс Куловдун шайы ооп калганын өзү эле жанын жеп танбаса башкалар антүүгө дарамети жок. Анын бир кездеги “Ар Намыс” деген партиясынын аты болгону кагазда сакталуу. Ким билет, эгерде дагы бир капчыктуу олигарх ушул партияны сыноодон кайра өткөрүп такшалтам десе гана тирилүүгө негиз түзүлөт.

Болбосо жансыз бойдон кала берет шалдырап. “Эмгек” партиясынын деле күчү канчалык экени белгилүү. Анын кожоюну Аскар Салымбеков экенин анча-мынча эле адамдар эсине сактап калышты. Мындан ары деле барбалактап топ жарып кете албасына көзүбүз жетип турганын жашырбайбыз. Оозу күйүп калган олигарх мындан ары айранды үйлөп ичип калаарын деле айттырбай билебиз да? Айтор, бул партиянын кантип бышкыра аларын, чүчкүргөнүн коомчулук сезет. Майлап, сүттөсө деле марага байгелүү келалбайт. Ошондуктан кол башындай кайрымдуулук иштерин жасап жүрө берсин. Алыбек алына жараша деген сөз ушуга бап келип турат. Учурда парламенттин төрүндө орун алган партиялардын деле келечеги бүдөмүктөнүп турганын кеп кыла кетели.

Ошол эле “Кыргызстан”, “Өнүгүү”, “Бир болдун” лидерлери мындан ары кантип чыйралыш керектигин астын ала жакшылап ойлонуп чыгуусу талап кылынат. Шайлоонун да жол-жоболору өзгөчөлөнүп кеткенин байкадык. Шаан-шөкөттүн коштоосундагы лидерлердин тагдыры кантип туңгуюкка кептелгени боюнча кеп кылуунун азыр кажети деле жоктой. Капчыгын көтөрө чаап, өпкөсүн асманга көкөлөткөндөрдүн жели кантип чыкканын жамы журт көрдү го? Ошол “илдеттен” арылуунун мезгили келди. Баштагы каңкылдак, дүңкүлдөк “оорудан” арылуу үчүн аракет жасоо зарылчылыгы жаралгандай. Ал үчүн реалдуу стратегиялык пландарды кыймылга келтирип, жаңычылдык багытты кармануу кажет.

Акчанын амири менен зор болом дегендин өзү жөн гана куру кыялкечтик болорун эске түйүп койсо зыяны тийбейт. Дөңгөлөгү толук майланбаган арабага айласы кеткенде түшүп алган эки лөктүн тагдыры кыйчалыш жолдо калды десек эп болчудай. Бир кездеги лидер – Канат Исаевдин кырчындай өмүрү темир тор артында өтөрү албетте кейиштүү. Бирок, бул тагдырга ал өзү бутун салып берди. Тигинтип эле койсок бийлик колго тиет деген кыялга азгырылган жигиттин учурда айласы куруп турат. Дагы бир лидер – Бакыт Төрөбаевдин саясаттагы дөңгөлөгү баткакта калган бойдон турганын сезүү анчалык кыйынчылык туудурбайт. Ич ара келишпестиктер орун алып калганы лидерди санаага салып жатканын кантип байкабадык дей алабыз? Аны аттан оодарып түшүүнү каалагандар арбып баратканы эмнеден кабар берет? Кийинки шайлоого аман-эсен жетеби, кеп ошондо.

Кылт этсе эле бир жерге кептелип каларын өзү деле баамдап калды. Ушул эки берендин ишенимине кирген адам болсо көзүн алаңдатып алыстан балбалактайт, чиркин! Ошентип, өткөн жылдын кап ортосунда чымын-куюн болуп жүргөн “Республика” партиясы “атасыз” калганы эмнени каңкуулайт? И-ии так ошондой, мындан ары бул партияны мурдагы жетекчиси эмес, бөтөн бирөө башкарат. Тилекке каршы баштагыдай оромпой тебе алышпайт, мен деп көкүрөгүн кагууга батынышпайт. Жыла басып, акырын үн чыгарып оокатын кылбаса амалын таап коюшат. Бабанов Өмүрбек деген лидер жакын арада пайда болору эми мүмкүн эмес.

Ал тургай мурда ушул жигит президент болот деп чакасын калдыраткан көзү ачыктар да эч нерсе дегенге чамасы жок. Алар деле байдын акчасын кагып алууга көзүн кызарткан болчу ошол кезде. Руслан Казакбаев, Кенжебек Бокоев, Мирлан Жээнчорев, Максат Сабиров деген депутаттардын таасири болот дештин өзү апыртмалуу болуп калат. Себеби, артында түртүп турган баштагы таянычы жок. “Жетим” калган партиянын эртеңки келечеги азыр бүдөмүк. Мындан ары марага экинчи болуп келиши арсар. Арийне, кийинки парламенттик жарышка түшөм деген партиялар жок десек кара жаныбызды жеп калабыз. Маселен, “Замандаш” партиясы ушул жолу жең түрүнө жарышка түшөт. Кантсе да алардын эски командасы “оптом” кетип, демилгелүү жаштар менен толукталды.

Жеңишбек Молдокматовдун жүрүштөрү аз болсо да коомчулукту үмүттөндүрүп койду. Эгерде саясаттын “алкымына” кептелбегидей кыймыл-аракеттерди жасоого багыт алышса иштери оң жолго түшөөрү маалым. Дагы мурда көрүнбөгөн жаңы партиялар катарга кошулуп каларынан күмөн санабайбыз. Аты бираз элге угулуп калган “Мекен ынтымагы”, “Аалам”, “БЭК” деген партиялардын ташыркап калганын көргөн жайыбыз бар. Булар шайлоодо нөлдөн “кыйла” жогору упайларды топтоп жүргөнүн деле алаканга салгандай аныктап алганбыз. Тигил “Ак шумкардын” дагын азыркы абалы анчалык күүлөнгөн кейпте эмес. Темир Сариевдин аракети канчалык деңгээлде болорун кийинчерээк айтсак туура болоттур? Балким өткөндөрдөн сабак алганы ага майнаптуу болгондур? Сатып кеткендерден абайлабаса илгерки эле түрүндө кала берет.

Ошондуктан жети өлчөп, бир кесүүгө даяр болушу кажет. Кептин чынына келсек, Адахан Мадумаровдун азыркы кыймыл-аракетинде жылыштар бар. Ал алыстагы боордоштордун тилин, дилин табууга ынтаасын койгону бекерден эместир? Өткөн ажолук шайлоодо 110 миң добуш жыйнап, үчүнчү болуп марага келген лидердин шыктануусу күчөдү. Акча коротпой, сүрөтүн илбей, мерстерди минип чамынбай, ырчыларды ырдатып, тамадаларды сайратпай мынча добуш алыштын өзү ири утук эмеспи. Алгачкылардан болуп учкан “жагалмайларды” артка калтырганы неден кабар берет? Көрсө “жылаңач баатырды” ишенип колдогондор бар турбайбы.

Айтор, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы мелдеште алдыңкы атаандаштардан болору күтүлүүдө. Бирок, туура эмес кадамдарды жасап жиберсе “аутсайдер” болуп калышы турган иш… Бүгүнкү күндөгү алибеттүү партиянын таштаган кадамдары кудуреттүү болоруна ишеним бекем. КСДП нын кезектеги сьезди жакын арада өтөрү боюнча кабарыбыз бар. Анын туу башында экс-президент Алмазбек Атамбаев болорун деле билебиз.

Туурасын эле айталычы, чамасы жаңы тизмеден мурдагылардын көбү чийилип каларынан деле шегибиз жок. Антпесе кантип авангард партиябыз деп добулбас кагууга батынышмак эле? Кылтыңдаган, керт башынын камын ойлогон шылуундардан тазалануунун убактысы келди. Партияны жаманатты кылгандар, өңүн өзгөртүүчү жамынчы жамынгандар, шалпылдап эле дареги жок сүйлөй бергендер өз ордун табат деген ынаным пайда болду. Калганын убагы келгенде улантаарбыз. Азырынча ушуну менен токтотолу.

Булак: "Ачык Сөз"

Последние новости