www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ислам дини адам коомунда пайда болгон айрым татаал кыйынчылыктардан улам көп аял алууга уруксат бергени менен, ошол Исламга чейинки эл арасында адат болгон, эч бир шарты, чеги жок үйлөнүү салтына каршы мыйзам киргизген. “...өзүңөргө жаккан башка аялдардан экөөнө, үчөөнө жана төртөөнө үйлөнө бергиле. Эгер адилетсиздик болот деп корксоңор, анда бирөөнө гана чектегиле. Бул зулум кылбооңорго жакыныраак.”(Ниса сүрөөсү, 3-аят)
Ушул аяттын түшүүсү менен Исламга чейинки чексиз аял алуу, шарты жок үйлөнүү салтына шарыят тыюу салган. Ислам төрт аял алганга чейин уруксат бергени менен аялдар арасында адилеттикти сактоо шартын койгон.
Адилеттиктин мааниси: Куранда көп аял алууда адилеттикти сактоо шартынын мааниси эмнеде? Бардык аялдарын тең сүйүп, тең көңүл буруубу же тек гана тегиз каржылообу?
Куранда эркектердин жубайлары арасындагы адилетүүлүгү боюнча мындай эскертилет: “Канчалык кызыгып умтулсаңар да аялдардын ортосунда адилеттүү болууга алыңар жетпейт. Анын (бирин) арсар кылып таштап салып, (башкасына) такыр ооп кетпегиле!”(Ниса сүрөөсү 129-аят)
Адилеттик деген “ашыкча” жана “жетишсиз” деген эки нерсенин ортосундагы чек жана бул чекти байкап билүү өтө кыйын иш. Өзгөчө жүрөк жана ички сезимге байланышкан нерселерде эркек бир нече жубайларын баарын бирдей сүйүүсү мүмкүн эмес. Бул дегеле адам баласынын ыктыярынан тышкары нерсе. Аллах Таала бул аятта бир нече аял алган эркекке орто чектен бир жагына ооп кетпесин, колунан келишинче адилеттикти сактасын деп буйруган. Куран айрым жубайларына көңүл бурбай коюп, аны эрсиз же эринен пайдасыз калган аялдардай кылып таштап кетпесин деп эскертет. Ал эми такыр айласы калбаса, аны башкага турмушка чыгуусуна жолтоо болбой коё берүүсүн буйруйт. Мындан тышкары эркек бардык аялдарын тең каржылоо: үй-жай, азык-түлүк жана кийим-кече жагынан толук камсыздоосу зарыл.
Албетте, Исламга окшош эч бир динде адилеттикке мынча маани берилген эмес. Андыктан бир нече аял алган эркектер үчүн “адилеттикти сактоо” качып кутулгус милдет жана парз.
Каныкей Жаманкулова,
Ислам дини боюнча эксперт.
Булак: "Ачык сөз"