www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аида Салянованын өкүмүн Жогорку Сот күчүндө калтырыш керек. Керек болсо кызы 14 кө чыкканда камалсын дебестен, эртең эле камалсын деген чечимге алмаштырыш керек. Түрмөдө олтурушкан башка аялдардан эмнеси менен артык Салянова? Же төрт көзү барбы? Кыргызстанды каалагандай калчаган Елисеевге, Аида Салянова билбей лицензиясын узартып бергидей сокур же дүлөй беле? Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаевалар кыргыз элинин алдында күнөөлөрү ат көтөргүс.

Өмүрбек Текебаев менен Роза Отунбаева Атамбаевдин "шизофреник" экенин билип туруп, кыргыз элин шылдындап, аны президент кылып олтургузушкан.

Аида Салянова болсо шизофреник ажыдаарга айлануусуна шарт түзүп берген. "Бисмилла" дегенде эле Текебаев экөө Нариман Түлеевди ушинтип эле камай салсак болот деп, шизофреникке жол көрсөтүп берген экөө болгон. Андан кийин дагы бир топ депутаттарды ушул эле Аида Салянова коррупция менен күрөшүп атам деген шылтоо менен камаган. Ошол эле мезгилде шизофрениктин тегерегиндеги Сапарчик, Албекчик жана башка башкалардын коррупциясын көрмөксөн болгон.

Анткени, өзүнүн күйөөсү ТЭЦке Казакстандан көмүр ташып, ортодо шапка алып кармалган. Ошол кылмышы үчүн соттолгон. Ошол үчүн Салянова күйөөмө иш козготтуң деп шизофреникке таарынып кеткен. Азиз Батукаевди кызыл килем салып узаткан. Айта берсек Кыргызстанда Аида Саляновадан өткөн кылмышкер жок.

Качан кыргыз эли адамга өз баасын берип үйрөнөсүңөр?. Же 1000 сом берип койсо эле мактап жатып калып көнүп калгансыңарбы? Катуу айтсам кечирип койгула. Бирок чындык ушундай.

Бермет Бакытбекова  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости