www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 11-майда "Кыргыз тилектештиги" коомдук бирикмесинин демилгечилери Эльнура Кулуева, Дана Абдыбекова, Сайрагуль Дуулатовалар, Абай көчөсүндө жайгашкан, Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги стационардык мекемеде жайгашкан карылардын жүзүнө жылмаю киргизип карыялар үйүндөгү карылардын батасын алып кайтты.

Аты аталган демилгечилер менен биргеликте КРнын мурдагы вице-премьер-министри, VI - чакырылыштын депутаты Чолпон Султанбекова дагы бир эрдигин көрсөтүп, демөөрчүлүк кылган, кыргыз боз үйүн жана самоор белек кылып, карыларга сый-тамак, концерт уюштурду.

"Тээ илгертеден кыргызда: «улууга урмат, кичүүгө ызаат» деген кеп бар. Карыларды урматтап, алардын сөзүн угуп, алардын алдын кыя баспай келген кыргыз. Аны менен бирге эле байыртадан аксакал-карыны эл-журт урматтап сыйлашкан. Кыргыз эли каада-салтты айрыкча карыларды сыйлагынды бийик туткан. Бул кыргыздын жазылбаган мыйзамы. Андыктан кыргыздын ар бир инсаны ата-энесин кароосуз калтырбашы керек. Карыялар үйүндөгү карылар дагы баарыбыздын - ата- энебиз. Бардык нерсе мээримден башталаарына ишенем. Мээрим жок болсо, турмуштагы эң чоң кыйынчылыктар болот. Бүгүнкү күндү "Мээрим күнү" деп атап койсок да болот. Анткени бүгүн, бири-бирибизге болгон сүйүүбүздү, мээримбизди тартуулап жатабыз", - деди Чолпон Султанбекова.

Уюштуруучулардын бири, белгилүү журналист Элнура Кулуева, “бул жерде жашап жаткан карылар өздөрүнүн үйүн, айылын сагынганда Чолпон Султанбекова демөөрчүлүк кылып берген бул боз үйдө отуруп, сагынычын жазып турсун деген ниет менен аталган иш-чара уюштурулду” – деген пикирин билдирди.

Ошентип, Чолпон Султанбекова Ыйык Рамазан айынын алдында 11-май күнү Карылар үйүндө «Карыларга мээрим» аттуу акциянын алкагында, карыяларга символ катары жасалгасы менен боз үй, чайын кайнатып ичкенге самоорун кошуп белек кылып берди.

Белгилей кетсек, борбордогу Абай көчөсүндө жайгашкан Карылар үйү 1956-жылы курулган. Жалпы мамлекеттин камкордугунда жашаган  - 208 карыя болсо, анын ичинен – 80 ге жакыны кыргыздар. Мамлекет тарабынан карыяларга бир күнгө – 100 сом, даары-дармегине 12 сом 50 тыйын каралган.

Эске сала кетсек, мыйзам боюнча балдары ата-энени багууга милдеттүү деп жазылган. Эгерде баласы карабай кеткен болсо, ата-эне мыйзам жүзүндө алардан алимент өндүрүп алууга акысы бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости