www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапырт уулануудан улам Ысык-Көлдөгү "Аврора" санаторийинин жетекчисине 10 миң сом айыппул салынды. Андан тышкары, өз убагында маалымат бербегени үчүн аймактык оорукананын башкы дарыгери, санаторийдин тамактануу бөлүмүнүн жана кампасынын башчылары 5 миң сомдон, санаторийдин дарыгери 3 миң сом айыппул төлөмөй болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Ысык-Көл райондук аймактык оорукананын инфекциялык бөлүмүнө уулануу белгилери менен кайрылган 24 кишинин он алтысы азыр бейтапканада. Алардын абалы канааттандыраарлык.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, ооруканадан чыгарылган сегиз кишинин жетөө чет элдик спортчулар, бирөө "Аврора" санаторийинин кызматкери.

Ысык-Көлдөгү “Аврора” санаторийинде кикбоксинг боюнча Азия чемпионатына келген чет өлкөлүк спортчулар ууланганы 8-майда белгилүү болгон - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости