www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абактагы экс-башпрокурор Аида Салянованын аталаш агасы Калыбек Элтуйбасов (Салянов) жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө АКШ саясий башпаанек берди. Бул тууралуу үй-бүлөнүн жакындары билдиришти. Анда айтылгандай, Американын Миграциялык соту арыз берген адамдын далилдерине ынанган. Кыргызстанда бийликтин оппоненттерине саясий куугунтук болушу мүмкүндүгүн эске алган.
Сот Аида Жеңишбековнанын Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүдө коррупциялык схеманын бетин ачканы үчүн куугунтукталып, акырында соттолгонун тааныды. Эске салсак, Калыбек Элтуйбасов 20 жаштагы студент кыз Камила Дүйшебаеванын өлүмүнө катыштыгы бар деген жүйө менен кылмыш ишинин алкагында сурак берген. Алгач күбө катары, андан ары тергөөгө тоскоол кылганы үчүн издөөгө алынган. Кийинчерээк ал АКШдан кармалганы айтылган.
Булак: NazarNews.kg