www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын кызы экинчи жолу Кыргызстандын шахмат боюнча чемпиону болду. Бул тууралуу Аида Салянова өзү Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Алика экинчи ирээт Кыргызстандын шахмат боюнча чемпиону болду. Чемпионатка төрт жүзгө чукул бала катышып, 1000 чакырымдан бери неберелерин жетелеп келген ата-апалар болду. Шахмат ойногон бала жашоо шахматтагыдай ак менен эле карага бөлүнбөөрүн, жеңишке билектүүлөр эмес эрктүүлөр жетээрин, биринчи ойлонуп анан иш кылыш керектигин мыкты өздөштүрөт. Стратег, моралдык жагынан күчтүү, маданияттуу адамдар Кыргызстандын келечегин курат. Ал үчүн шахматка мамлекет жалпы улуттук деңгээлде көңүл буруп, адамдын аң сезимине бурулуш жасай турган ийримди колдоп, тренерлерди барктап, ата-энелерге дем берип турушу керек», - деп билдирди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости