www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көпчүлүк эл пандемия учурунда жабыр тарткан жарандардын кызыкчылыгын жактаган топту мени түздү деп ойлошот” дейт маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова.

Анын айтымында пандемиядан жабыркап, жакындарынан айрйылгандардын башын бириктирди деген кептер айтылган. Мындан улам ал фейсбуктагы ачык жазып чыкты.

--“Эки күн мурда Өкмөт үйүндө биздин комиссиянын отчетун угуу болуп өттү. Күн тартибинде 6 презентация болду: пандемия учурунда ооруга кабылгандарды дарылоонун сапатын изилдеген эпидемиологдордун жана клинисцисттердин презентациялары, дары-дармек менен камсыздоо жана гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча кырдаалды иликтеген топтордун презентациялары, облус өкүлдөрүнөн турган топтун презентациясы жана пандемия учурунда жабыр тарткан жарандардын кызыкчылыгын жактаган биздин топтун презентациясы болду.

Өзүмдүн кийинки билдирүүлөрүмдө мен ведомстволор аралык комиссиянын курамына кирген биздин команда эмнелерди аныктагандыгы жана кандай жыйынтыктарга келгендиги тууралуу айтып бергим келип олтурат. Алгач Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековнага тереӊ ыраазычылык билдирип коюуну туура көрдүм. Себеби ар кайсы тармактын өкүлдөрүнөн турган бул комиссияны түзүп, курамына журналисттерди жана пандемиянын жайкы толкуну учурунда өз жакындарын жоготкондорду киргизип, бардык мамлекеттик мекемелердин иши жана керектүү бардык документтер менен таанышып-иликтөөгө мүмкүнчүлүк берип, биздин комиссиянын жыйынтыгын ачык жарыялоо эркиндигин түзүп берди. Менин оюмча, иш-аракеттерине толук эркиндик берилген биринчи комиссия болду.

Мен эмне үчүн бул комиссиянын курамына кирип калдым? Бул багытта калк арасында жаӊылыш пикир айтылып келет. Көпчүлүк эл пандемия учурунда жабыр тарткан жарандардын кызыкчылыгын жактаган топту мени түздү деп ойлошот. Жок, бул топту мен түзгөн жокмун. Бул топ мага чейин эле түзүлүптүр жана алар мени соцтармактар аркылуу жолугушууга чакырышты. Бирок ал учурда менин таптакыр бош убакытым болбой жатты. Алар жолугушууга чакырууну токтоткон жок. Биз болжол менен бир айдан кийин жолугушуп сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк таптык. Чынын айтканда, бул жолугушуу мага аябай катуу таасир калтырды. Аларды угуп отуруп мен ыйладым, мага башынан кечирген кайгылуу окуяларын айтып жатышып алар ыйлады.

Буларды уккандан кийин апам өзүн жоготуп койду. Атамдын өлүмүнө өзүн күнөлөп, «мен врачтарга ишенип, ага эч кандай жардам кыла албадым. Эгерде мен ооруп калсам, мени сактап калыш үчүн ал колунан келгендин баарын жасамак” деп өзүн-өзү күнөөлөй берди. Сиздер билесиздерби, чындыгында эле, өзүн-өзү күнөөлүү сезип жашоо өтө оор. Биздин топтогулардын көбү өз жакындарын сактап кала албагандыгы үчүн өздөрүн күнөөлүү сезишет.

Биздин көздөгөн максат – мындан ары мындай нерсе кайталанбоосу үчүн аракеттенүү. Биздин башыбыздан өткөн нерсе эч кимдин башына келбесин, бирөөлөрдүн шалаакылыгынан жана кесипкөйсүздүгүнөн улам бейкүнөө адамдар ажалга моюн сунбасын. Бирөөлөрдүн кайгысынан жана адамдардын өлүмүнөн акча жасагандар жоопко тартылсын.

Бул комиссия иш алып барып жаткан мезгил аралыгында, жанымда жок болсо да, мен атамдын көзгө көрүнбөгөн колдоосун сезип жаттым. Андыктан мен атама “колумдан келгендин баарын жасадым” деп айта алат элем. Ооба, мен билем, атам мага ыраазы болмок", - дейт Турсунбекова. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости