www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек кыргыз-америка алакасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, АКШнын жаңы администрациясы менен биргелешип жемиштүү иштешүүгө даяр. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 21-январда, Джо Байденди АКШ президенттигине официалдуу түрдө киришкени менен куттуктады.

Бишкек эки өлкө ортосундагы узак мөөнөттүү достук мамилелерди чыңдоого багытталган мындан аркы биргелешкен кадамдарды колдойт жана АКШ президентинин Кыргызстандын жарандарына 2020-жылы киргизилген визалык чектөөлөрдү алып салган чечимин кубаттайт.

«Биз бул чечимди АКШнын жаңы администрациясынын эки мамлекеттин ортосундагы адамдар менен байланышуу жана маалымат алмашуу маселесине конструктивдүү жана ачык мамиле кылуунун далили деп эсептейбиз», - деп айтылат билдирүүдө.

Расмий кабарга ылайык, эки тарап Кыргызстанда демократиялык институттарды чыңдоо жана адам укуктарын илгерилетүү жаатында кызматташа берет. Мыйзамсыз мүлккө ээлик кылууга, коррупцияга, криминалга каршы күрөш жаатындагы кызматташтыкка көңүл бурулат.

Кыргызстан экономика, инвестиция, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарында жаңы долбоорлорду ишке ашырууга, жашоонун бардык чөйрөлөрүнө акыркы технологияларды киргизүүгө кызыкчылыгы бар.

Кыргыз тарап АКШ президентинин баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш, коронавирус инфекциясына каршы күрөш чараларын күчөтүү жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды жайылтуу сыяктуу маселелер боюнча көп тараптуу аянтчаларда кызматташууну жандантуу боюнча чечимин кубаттайт. «Ушуга байланыштуу биз да АКШны климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимине кайтаруу боюнча чечимди кубаттайбыз. Бул келишимдин катышуучусу болуп, Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшү жана экология жаатында тараптардын жемиштүү кызматташтыгына үмүттөнөт», деп айтылат кайрылууда.

Эске салсак, Джо Байден 20-январда кызматка киришер замат мурдагы президент Дональд Трамп бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына киргизген иммиграциялык виза чектөөлөрүн жокко чыгарды.

Бишкек АКШнын жаңы президентинин бул эл аралык маанидеги жарлыктарын кубаттап, климаттын өзгөрүшү жана экология жаатында жемиштүү кызматташтыкка үмүт артаарын белгиледи. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости