www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Нью-Йорк соту Кумтөрдү банкрот катары таап, 1,7 миллиард долларга бөгөт коюлбадыбы. Эми мындан ары кандай болот? Ошол бойдон калабы?

- Нью-Йорк сотунун мындай чечими күтүлгөн эле нерсе болчу. 1 миллиард 700 миллион долларга жана дагы уурулук жол менен алган байлыктарды жаап-жашырууга “Центерра” сөзсүз түрдө аракет жасайт. Ушул иштери ачылып калбаш үчүн булар мурдатан арканды алыс ыргытып, биздин мыйзамдар менен эл аралык арбитраждык соттун чечимине баарын байлап койгон. Ошондуктан 1,7 миллиард доллардан үмүт үзүп койсок болот. Эми биз калган кенди ийгиликтүү иштетип, эл аралык арбитраждык сотто жеңилбеш керек.

- Ушул эле соттун чечимине байланыштуу айрым подрядчик компаниялар ишин токтотуп коюшпадыбы. Бул кырдаалдан чыгып кетүү мүмкүнчүлүктөрү барбы?

- Подрядчик компаниялардын мындай кадамдары деле белгилүү болчу. Ошон үчүн биз башынан айтканбыз, негизги маселе өндүрүштүн ыргагын бузбай, башка компаниялар менен иш алып баруу керектигин. Эми Россия, Кытайдан болобу, сүйлөшүп, маселени чечиш керек. Андай мүмкүнчүлүктөр бар. Ишти жолго коюу зарыл.

- “Центеррага” коюлуп жаткан айыптарды ал тарап моюнга алышы ыктымалбы? Эгер андай болсо, Кумтөрдүн кийинкиси кандай болот? Башка чет өлкөлүк компания менен иштешүүгө барабы же өзүбүз аркалап кетебизби?

- Эгер биз коррупциялык келишимдер болгонун далилдесек, соттун чечими биз тарапта болот. Бүгүнкү күндө айрым чиновник, депутаттардын кармалып жатышы да ушул маселелердин ачык болушуна байланышкан. Ал эми Кумтөр кенин иштетип кетүүгө Кыргызстандын толук мүмкүнчүлүгү бар. Кадрдык дагы, башка да потенциалдар бар.

Булак: Азия News гезити

Последние новости