www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги көз карандысыз журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов менен баарлашып, өкмөт президенттин кол алдында калган өлүмтүк структура. Анткени, бардык орчундуу маселелерди президент жана анын аппараты чечет деген пикирин уктук. Анда сөз башынан болсун.

--Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган 30-өкмөт  туура эки жыл мурун тагыраагы, 2018-жылы 20-апрелде  ишин баштаган.  Премьер-министр ишин улантышы керекпи же отставкага кетиши керекпи?

--Азыркы Кыргызстан шартында өкмөттү канча алмаштырбагын эч нерсе өзгөрбөйт. Анткени, бардык орчундуу маселелерди президент жана анын аппараты чечет. Бул биринчиси. Экинчиси күздө Кыргызстанда парламенттик шайлоо болот. Мына ошонун жыйынтыгы боюнча өкмөт алмашууга тийиш. Ага чейин деле Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөй койгонго мүмкүнчүлүгү жана укугу бар. Бирок, азыркы кырдаалда андай кадамга бараарын кудай билет.

--Өкмөт башчы отставкага кетпейт, аны арыз жазыптыр деген фейк маалымат дешкени менен премьер-министр болгусу келген талапкерлер 6-7 айда жыйынтык бере алам деп ачыкка чыга баштады го? Президент экөөнүн ортосунда келишпестик жаралганбы?

--Мен деле фейк маалымат тарады деп уктум.  Бирок, президент экөөнүн ортосунда кандайдыр бир келишпестик чыккан го деген ойдо калдым. Акыркы мезгилде президент өкмөт алдындагы орчун маселелерди премьер-министр Абылгазиев менен эмес, вице-премьер-министр Асрандиев менен талкуулап, ошону менен чечип жатканы байкалып, ал турсун көрүнүп да турат. Бүгүн президенттин "ушундай татаал мезгилде кимдин эмнеге жөндөмдүү экени көрүнөт" деп айтканы ошол Абылгазиевдин дарегине айтылган сөз окшойт деген ойдо калдым.

--Эгер чындап эле премьер-министр алмаша турган жагдайга кептелип калсак, премьер-министр ким болушу мүмкүн?

--Эркин Асырандиевди тажрыйбасы азыраак деши мүмкүн. Президент өзүнө өтө жакын Бороновду премьер-министрлик кызматка  алып келип, Асрандиевди биринчи вице-премьер-министрликке алып барышы мүмкүн.

--Боронов менен Абылгазиевдин айырмасы эмнеде? Экөө тең эле тил алчаак, каяша кайрыбаган киши го...

--Акылбек Жапаров тил алчаак эмеспи? Өкмөт башына парламенттик шайлоодо жеңип келген партия лидери шайланса, ал парламентке таянап өзүнүн экономикалык программасын ишке ашыра баштаса, өзгөрүү болот десек болот. Азыр бизде теория жүзүндө мүмкүн. Бирок иш жүзүндө мүмкүн болбой жатат. Ошондуктан өкмөт президенттин кол алдында калган өлүмтүк структура болуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости