www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун Ат-Башы районунда 26 жаштагы жигит «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаасы менен үйдүн коругун сүзүп качып кеткен. Бул тууралуу NazarNews агенттиги Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасынын Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 18-апрель күнү саат 20:25 чамасында Ат-Башы айылынын тургуну 1958-жылы туулган М.А "102" кызматына үйүнүн коругун "Камаз" үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендигин билдирген .
Аталган билдирүү боюнча Ат-Башы РИИБнүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: Ат-Башы айылынын тургун 1994-жылы туулган К.уу.Ж өзүнүн башкаруусундагы "Камаз" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаасын мас абалында Ат-Башы айылынын ичинде башкарып бара жатып, кошунасынын үйүнүн коругун сүзүп жол кырсыгына учураган.
Айдоочу Ж.уу.К өзүнүн мыйзамсыз жоругун ушуну менен эле токтотуп калбастан автоунааны башкарууну улантып Ат-Башы айылын аралап жүргөн учурда ИИОнун кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей күн чыгыштан күн батышты карай тактап айтканда Ат-Башы- Ак-Жар айылдарынын ортосундагы тосулган өткөрмө постунун цемент тосмосун сүзүп жол кырсыгына учурагандыгы аныкталган.
Ошонжой эле, айдоочу 2020-жылдын 13-апрелинде 14 күндүк үй карантинге алынган .Карантиндин шартын бузбоо, үйдөн чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өз колу менен жазылган тил кат алгам, карантиндик шартты бузгандыгы, талаптарды так сактабагандыгы үчүн мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартып берүүңүздөрдү сурайм деген арыз менен Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медициналык борборуна караштуу 2-мобилдүү топтун башчысы, фельдшер С.М кайрылган.
Аталган факт Ат-Башы РИИБнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине К.Р Жоруктар кодексинин 127-беренеси (Санитардык -эпидемиологиялык эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши ачылган. Ал эми мас абалында жол эрежелерин бузгандыгы жана автоунаа башкаргандыгы боюнча КР Бузуулар Кодексинин 128- беренеси (Транспорт каражатын мас абалында айдоо) менен протокол толтурулуп 17.500 с айып пул салынган. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлуп жатат.
Булак: NazarNews.kg