www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек дүрбөлөңгө түштү. Анын себеби ооруканалардын ооруларды иреттүү кабыл алууга даяр эместигинде болуп чыкты. Көбүн алгоритм адаштырды. Ковид анализи менен кабыл гана алынсын деген.

Ошондон ооруп турган көп жарандарды анализиң жок деп, ооруканага кабыл албай, сыртка калтырып дүрбөлөңдү ого бетер күчөтүштү. Бир нече жаран ооруканага киргизилбей, оорукана короосунда көз жумуп кеткен көрүнүштөр элге тарады. Бул дүрбөлөңдү ого бетер күчөттү.

Булардын баары өкмөттүн, бийликтин кемчилдиги эле. Алардын ооруканалар иштерин жакшылап уюштурбагандыгында эле. Кошумча орундарды, жабдуу, дары-дармектерди, персоналды даярдап койбогонунда эле.

Март айында карантин жарыяланып, бардык жок жабылган. Экономика толук токтотулган. Обу жоктоно көчөлөр дезинфекцияланып, ар бир айыл, көчө жабылып, блокпосттор кадам сайын коюлган эле.

Бул кадамдар пайдадан зыян көп алып келди. Экономика токтотулгандыктан салык түшпөй калды. Бюджет акчасыз калды. Ошон үчүн сырттан берилген жардам бүтүндөй айлык акылар үчүн жумшалып кетти (Каржы министри 291 млн. доллар келип, анын көпчүлүгү айлык акы иретинде төлөнүп кеткенин жарыялады). Медицинага эч нерсе калбай калды.

Пандемиянын эпкини июнь айында чындап келгенде өкмөт ага даяр эмес болуп чыкты. Ооруканаларда орун жетишпейт, тез жардам автоунаалар өтө аз. Дарыгерлер жетишпейт. Айлыктары өтө аз. Элементардуу кол-борбор же 118 дурустап иштебейт.

Июлдун башында ооруканалар толуп, калктын нааразылыгы күчөп кеткенде гана шашылыш түрдө айрым жатаканаларды оорукана катары даярдай башташты. Медакадемиянын жогорку курсундагы студенттери, региондордон дарыгерлер жардамга тартылды. Бирок, тилекке каршы дүрбөлөң башталган эле.

Короого карышкыр кирип кеткен эле.

Пневмония же өпкөнүн сезгениши кайдан чыкты? Эсиңиздерде болсо керек июнь айынын 10-15теринде күн сууп кетти. 35 градус болуп турган аба 15 градустан да төмөндөп кетти же айырма 20 градус болду. Кыска шым, футболка менен жүргөн жаштар суук тийип ооруй баштады. Жаштардын пневмония менен көп ооруп жатышынын себеби да ушул жактан го?...

Буга коронавирустун айрым жерлерде тарап кетиши кошул-ташыл болду. Мына ошентип Бишкекте чоң дүрбөлөң башталды.

Дарыканаларда дары калбай жатты. Ооруканалар толду. Бийлик алгоритмге ылайык анализ менен гана кабыл алынат деген жобосун да жойду. Бардык ооруларга жардам көрсөтүүгө айрым аракеттер жасала баштады.

Июнь айынын 20нан кийин күн дагы сууду. Кээ бир күндөрү эрте менен 12градус болуп жатты. Жазгы суук жандан өтөт дегендей суук тийип ооругандар дагы көбөйдү. Коронавирус жойлоп, элди ого бетер коркутуп салды.

Шаардын көчөлөрү чөлдөй адамсыз кала баштады. Короолордо отурган улгайган адамдар көрүнбөй калды. Айылга качканы айылга качты, үйүнөн чыкпай отурганы үйүндө отуруп калды...

Кудай буюрса, бул күндөр да өтөт. Көпчүлүк жарандарыбыз айыгып чыгып жатат. Аны өзүбүздүн тууган, дос-жарларыбыздын абалынан да билип, көрүп турабыз.

Тумоодон көп жарандарыбыз иммунитет алып чыкса, күзгү толкуну көп коркунуч туудурбай калат деген үмүт бар. Оорубаңыздар. Ооругандар тезирээк айыгып кетиңиздер!

Айданбек Акматов, эркин журналист

Булак NazarNews.kg

Последние новости