www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Төрөбай Колубаев менен карантин, өзгөчө абал боюнча пикир алыштык.

--Төрөбай мырза,  илдетке кабылгандардын саны кескин көбөйгөнүнө байланыштуу карантин жарыяланып, өзгөчө абал киргизилди. Ал турсун бет капсыз жүргөндөр жазаланаары айтылды. Мындай ыкма менен элди аралаган илдеттен арыла алабызбы?

--Мен карантин киргизип, блок постторду коюп, элдин иштешине тоскоолдук жараткан жагдайларды колдоодон баш тартат элем. Анткени, бу сапар да катаал карантин киргизсек, эл кыйналат. Ал турсун бет кап тагынбагандарга да айып пул салынат деген мэриянын чечимин колдобойт элем. Анткени, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму интернеттен маалымат берип, бул пандемия эмес, бет кап тагынбагыла деген маалымат берип жатышат. Себеби, бет кап тагынганда адамдан чыккан кычкылтек бактерияны көбөйтөөрүн айтышууда.  Ошон үчүн айып пул салабыз деп элди опузалап коркута бербеш керек. Карантин киргизсе да, катаал чараларын жумшартыш керек. Блок постторду коюп, элдин иштөөсүнө тоскоолдук  болбошу керек. Эгер элдин нан таап жешине тоскоолдук жаралса, араң турган эл жарылып кетет. Тагыраагы, социалдык  чың алуу күч алып кетсе, эч ким токтото албайт. Себеби, Кыргызстанда тамак-ашын запастап алып койгондор өтө эле аз. Өкмөт бага албагандан кийин күнүмдүк нан таап жегендер ачка калбашы керек.  

--Бет  кап тагынбаш керек дейин десек илдетке чалдыккандардын күндөн күнгө саны өсүп жатат го?

--Туура ооругандар бар. Ылаң жүрүп жатат. Бирок, ооругандын баары эле covid-19 эмес да. Мүмкүн орви же кадимки эле сасык тумоодур. Ошон үчүн үйдөн дарыланып, 100-200 сомдук капельницаларды алып, лимон, бал менен чай ичип эле сакайып жатышкандыр.    

--Антейин десек, ооруканаларда  да орун жок болуп калды го?

--Ооруканада жаткандардын баары covid-19  эмес да.  Азыр ооруканага  баргандын баарын эле, ооруканадан өлгөндүн көбүн эле covid-19 деп  жатышат. Бирок, муну менен күн бүтпөйт. Учуру келгенде баары текшерилет. Күмөн жараткан жагдайлар иликтенет. Адам каза болсо, 70-80 миң берем, covid-19 деп  кол койдуруп алган учурлар болгону эл арасында айтыла баштады. Мындай маалыматтарды укканда, эл аралык уюмдардан акча алыш үчүн ушундай кылып жатышабы деген ойго кептелбей койбойт экенсиң.

Эгер чындап абал кооптуу болсо,  covid-19 менен күрөшүүгө келген каражаттарды туура пайдаланат элек да. Эмне деген ири суммадагы акчалар келди. Бирок, баягы эле турмушта жашап жатабыз го. Же медиктердин абалы жакшырган жок. Же илдетке чалдыккандар менен күрөшө  турган оорукана салынган жок, дарт менен күрөшө турган аппараттар жетишээрлик алынган жок. Ошон үчүн жөн эле чуу түшүп жатабызбы деп ойлоп кетем. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости