www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чыныгы президенттик башкарууда президенттер өкмөттү түздөн-түз башкарат. Анда өкмөт башчы деген кызмат болбойт. Бул тууралуу белгилүү журналист Айданбек Акматов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, президент өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга түздөн-түз жоопкерчиликтүү.
«Ара жол...
Кыргызстан таза парламенттик системада жашап көрбөдү. Бирок калктын көзүнчө парламенттик система дискредитацияланып калды.
2010-жылкы конституция парламенттик башкарууга багыт алган менен аралаш бийлик системасынын жылчыктарын, мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып президенттик бийлик үстөмдүк кылып туруп алды. Буга саясий күрөш, конституция авторлорунун принцип эмес, мына ошол саясий күрөштүн кызыгына кирип алышы да себеп болду. Мунун акыбети абдан оор болду.
Парламенттик башкаруу деп аталган, бирок аралаш система жоопкерсиздикти алып келди. Партиялык тизме менен шайлоо партиялык мафияга, коррупцияга, олигархиялык топтордун бийликти узурпациялап алышына алып келди. Депутаттык мандаттар партиялык тизмелерде аукциондо сатылгандай сатылды. Бул парламенттик система эле эмес, парламенттин өзүнүн да дискредитацияланышына алып келди.
Мына ушундай шартта Кыргызстанда эки жол турган. Биринчиси таза парламенттик башкарууга карай кадам же президенттик башкарууга кайрылып келүү.
Таза парламенттик башкарууда жоопкерчилик парламенттик шайлоодо жеңип келген партияда жана мына ошонун негизинде өкмөт башына келген партия лидеринде болот. Бул жерде да аткаруу бийлиги бир адамдын колунда болот. Европа мамлекеттеринин көпчүлүгү мына ушундай жол менен өнүгүп жатат. Бирок биз буга жете албай тескери бурулуу алдында турабыз.
Өкүнүчтүү жагы президенттик башкарууда мурунку катачылыктар кайталануу коркунучу реалдуу экенинде болуп жатат. Сунушталып жаткан конституциянын долбоору мына ошондон кабар берет. Анткени анда президенттин колуна ченемсиз бийлик топтолуп, өкмөт башы кызматы да сакталган. Демек, өлкөдө болуп жаткан кемчиликтерге өкмөт башчы жоопкерчиликтүү болуп, президент бизде мурункудай эле “хан” бойдон кала берет. “Хан” жакшы, ишти жасай албай жаткан Өкмөт болуп кала берет. Бул система Кыргызстанды көп жаңылыштыктарга, узурпацияга, кагылышууларга, коррупцияга, үй-бүлөлүк башкарууга, катастрофаларга алып келди.
Чыныгы президенттик башкарууда президенттер өкмөттү түздөн-түз башкарат. Анда өкмөт башчы деген кызмат болбойт. Ошондуктан президент өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга түздөн-түз жоопкерчиликтүү болот. АКШ, Түркияда мына ушундай. Дональд Трамп да, Режеп Тайип Эрдоган да өкмөттү өздөрү башкарат.
Кыргызстан коомчулугунда мына ушул таза президенттик жана таза парламенттик башкаруунун өзгөчөлүктөрү боюнча тынымсыз талкууларды жүргүзүп, эки түрдүү конституциянын долбоорун жазып, жарыялап, аларды кеминде бир жылдай талкуулоонун жыйынтыгында референдумда кабыл алыш керек эле.
Мына ошондо жаңылыштык болбойт беле деген санаркоо бар...», - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg