www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдук-саясий ишмер, журналист, 42 жашында ууланып каза тапкан маркум Сатыбалды Жээнбековдун бейнесине арналган көз карандысыз журналист Айданбек Акматовдун бир нече жыл мурун жазылган эскерүүсүн NazarNews маалымат агенттиги окурмандарыбызга жарыялайбыз.
Ал саясаттын борбордук аренасына эми чыгып, калкы үчүн кайышпай кызмат кылууга мезгили келгенде кетти.
Ал жазууда чебер, сүйлөгөндө чечен эле. Жашоо — бул күрөш дегени ырас болсо, ал күрөштөн, демек, жашоодон коркчу эмес. Айрымдар сүйлөөгө маш болуп, көбүн эсе аракетке жөндөмсүз болсо, Сатыбалды аке экөөнө тең ыкчам эле.
Ал адилетсиздик, кара мүртөздүккө, күчтүү тараптын күчсүздү басмырлоосуна бүткүл жигери менен каршы туруучу. Кошомат кылып, же жагынып, күчтүү тарапка кулдук урчу эмес. Өзүнө, өзүнүн саясый көз карашына, ынанымына ишенимдүү бойдон калуучу.
Албетте, Сатыбалды аке азыркы аткаруу бийлигине ыңгайсыз, керек болсо коркунучтуу эле. Аны жактырышчу эмес.
Ошондуктан Сатыбалды Жээнбеков каза болуптур деген кабар угулганда көпчүлүккө күдүк ойлор пайда болуп, ар түрдүү айың сөздөр тарап кетти...
Эл өзүнүн кызыкчылыгын коргогон уулдарын сүйөт, кастарлайт. Оозунда, көкүрөгүндө алып жүрөт.
— Ой, азамат экен, бали! Чындыкты айтты, — деп чогулган жерде кеп кылсак, Сатыбалды Жээнбеков элдин оозунда дал ушундайча айтылып келаткан уулдардан эле.
Ал жөнөкөй, орусча айтканда “доступный” адам эле. Бир маселе менен кайрылсаң жок дечү эмес.
Ал жашоого да, жазууга да маашырлана алчу. Жазганы ийгиликүү чыкса: “жайлаптырмынбы” — деп каткырчу.
Тамекини көп тартчу. Эмне үчүн ушунча көп чеген дечүмүн. Бирок адамдым жеке ишине, керек болсо укук, каалоосуна каршы бирдемке деш кыйын. Анын үстүнө Сагыбалды акө менен биздин жаш боюнча эле айырмабыз бир топ, башкасын айтпаганда.
Айданбек Акматов
Булак: NazarNews.kg