www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан «WhatsApp» мессенджери жана социалдык тармактар аркылуу 2020-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратынын алдында азыркы бийликти күч менен басып алууга багытталып өтө турган 9 мүнөттүү болгон аудио көчүрмөнү жердиги Балыкчы шаары, учурда Чүй облусунун жашоочусу 1981-жылы туулган жаран Т.А. тараткандыгы аныкталган. 

Ошол эле күнү, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) белгилер боюнча КЖБРге катталган. 

Андан сырткары, 2020-жылдын 17-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан «WhatsApp» мессенджери аркылуу “Чоң-Казат” тобунун катышуучусу, учурда РФдин Москва шаарында жашап жаткан Жалал-Абад облусунун Базар-коргон районунун тургуну, 1988-жылы туулган М.Т. аттуу жаран «Ак үйдү өрттөп эле ташташ керек болуп калды, тетиги жүз жыйырма депутат менен чогуу” аталышындагы чакырыкты аудио жазуу түрүндө   тараткан.

2020-жылдын 17-июнь күнү ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктундагы (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) белгилер боюнча КЖБРге катталган.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тиешелүү соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалып, жогоруда көрсөтүлгөн жарандарды кармоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эскертет, атайылап жалган маалыматтарды тараткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат. 

ИИМ жарандарды интернетте, «WhatsApp» мессенджеринде кандайдыр-бир чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга жана ушуга окшош фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 телефону аркылуу малымдоого чакырат.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости