www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Коронавирусту короомо-короо кууп табам”- деп жаткан Кубатбек Боронов биринчи вице-премьер-министр. Бул жогорку кызматтагы адам адатта экономиканын реалдуу тармагына жооп берет. Ошондон өткөн жуманын соңунда президент менен Боронов жолугушуусунда жазгы талаа жумуштары жөнүндө маселе көтөрүлгөн.

Кыргызстан буудай менен өзүн болгону 50% тегерегинде гана камсыз кыларын мындан эки жыл мурун ал кездеги айыл чарба министри Мурашев айткан. Андан бери бул маселе оңолуп кеткен жок. Анын күбөсү өкмөттүн Казахстан, Россиядан далбастай буудай сатып алуу аракеттери.

Жайчылык мезгилде буудай сатып алуу анча маселе жаратпайт. Бирок кыйын кезең болуп калса, ар бир мамлекет биринчи кезекте өзүн ойлой баштары турган нерсе. Коронавирус жараткан кризис муну дагы бир ирет кашкайта көрсөттү. Кыргызстандын импорттук буудайга керектөөсүн 90% камсыздап турган Астана буудай экспортуна чек койду, квота киргизди. Кургакчылык болуп, түшүм болбой калса да кошуна мамлекет азык-түлүк коопсуздугунун түркүгү болгон данды экспорттоого чек коюп коет.

Кыргызстанга жылына 850-900 миң тонна буудай керек. Жыйнаган түшүмү болсо 500-600 миң тонна деп маалымат берилет. Бирок ага ишенүү кыйын. Анткени Кыргызстандын кайсыл жерине барбагын Казахстан уну турат. Биздин тегирмендер да казак буудайын тартып, парламентте отурган тегирменчилерибиз баш боло импорттук буудайга бажы төлөмүн алып салуу үчүн күрөшүп келет.

Коронавирус менен көбүрөөк шугулданып калган Боронов, парламент азык-түлүк коопсуздугунун түркүгү болгон мына ушул маселени чечүүгө быйыл өзгөчө көңүл буруш керек. Анткени коронавирус кризиси көп кыйынчылык жаратты. Анын үстүнө кечээ күнү Владимир Путин менен жолугушууда орус министри быйыл аябай ысык жана кургакчыл болорун эскертти. Казахстандан кийин Россия да буудай сатууга чектөө киргизди.

Мына ушул жагдайларды эске алыныш керек коронавирус “кубуучулар”...

Айданбек Акматов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости