www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Коопсуздук кеңешинин чакан курамда жыйынын өткөрүп жатат. Ага айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэри катышууда. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар каралууда.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун, вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү, анын экономикага болгон кесепеттерин азайтуу жана өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтары угулуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости