www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Кыш, жаз мезгилдеринде тамак-аш тартыштыгы жаралышы мүмкүн экени айтылып жатат. Эмнеге мындай абал жаралып калды? Азык-түлүк таңкыстыгын жоюу багытында айыл чарба министрлиги аракет көрүп жатабы?

- Мунун биринчи себеби, Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча план, программа, эсептин жоктугуна барып такалат. Азыктүлүк коопсуздугу каралбайт жана аткарылбайт. Кыргызстан ун, өсүмдүк майы сыяктуу өзгөчө маанилүү азыктарды негизинен сырттан, Россия, Казакстандан алып келет.

Бийликтегилер азыктүлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча бир маселе көтөргөнүн, жыйын курганын көрбөдүм. Эч ким демилге жасабаса, кайдагы өзгөрүүнү күтөбүз?

Министрликтин сайтына кирип, эмне кылып жатканын көрсөңүз, иш планы, программасы да жок. Канча буудай себилгенин, анын түшүмү тууралуу маалыматты таппайсың...

Аларда “6,5 миллион калкка мынча тонна ун, өсүмдүк майы керек экен, анын бул пайызын сырттан алып келбиз, калганын жер айдап, буудай сепсек, күнкарама тиксек, мынчадан түшүм алып, азык-түлүк коопсуздукту камсыздай баштайбыз” деген эсеп-чоту да жок болуш керек.

Анткени жогоруда айтылгандай, бул маселелерди козгоп, аларды чечүү боюнча жол издегендерди көрбөдүм жана укпадым. Ошонун айынан бизде азыктүлүк коопсуздугу кароосуз калган. Демек, ар кандай тартыштыктын чыгуусуна негиз бар.

- Башка кошуна мамлекеттерде да баалар өсүп, тамак-аш тартыштыгы барбы? Ал жакта мындай тармактарда кандай саясат жүрөт?

- Орус бийлиги бааларды кармоо багытында кандай иштерди жүргүзүп жатканын маалымат каражаттарынан көрүп жатабыз. Президент Путин, өкмөт башчы Мишустин кумшекер, өсүмдүк майы, нан азыктарына бааларды тыкыр көзөмөлдөп, алардын кымбатташына жол бербей келе жатат.

Путиндин тушунда Россия улуу айыл чарба державасына айланды. Буудай экспорттогон №1 мамлекет болуп калды. Анткени алар акыл-эс менен иштеп, айыл чарбасына тынымсыз жардам берип келди. Айыл чарбасын көтөрдү, гүлдөгөн тармакка айлантты. Эми түшүмүн көрүп жатат.

Кошуна Казакстан да тамак-аш коопсуздугун камсыздоодо абдан дараметтүү. Буудай, ун, өсүмдүк майы сыяктуу эң маанилүү азыктар менен өзүнөзү камсыздайт. Бизге, башка өлкөлөргө экспорттойт.

Ошондуктан аларда азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе жок. Бааларды көзөмөлдөөгө, анын ыксыз көтөрүлүшүнө жол бербөөгө кудурети ар тараптан жетиштүү. Алар базар ыкмасы, административдик чара менен да бааларды ооздуктай алышат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости