www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Смартфондор дагы бир пандемияга себепкер болушу мүмкүн. Бул тууралуу Бонд университетинин (Австралия) окумуштууларынын иликтөөсүнө таянып Daily Mail жазды.

Университеттин доценти, дарыгер Лотти Таджури кесиптештеринин операцияга даярданып колун жуугандан кийин дагы телефондорун көп кармарын байкап, иликтөө жүргүзүп көрүүнү чечкен. Анын алкагында 165 медиктин мобилдик телефону текшерилген.

Жыйынтыгында бардык аппараттарда бактерия, вирус сыяктуу мителер көп экени аныкталган. Ошондой эле жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн адамдын организминде оору козгой турган патогендери болгон.

«Анын баары кол аркылуу кишиге жугат. Андыктан телефонду үчүнчү кол сыяктуу элестетип, маал-маалы менен дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуп, тазалап туруу керек», — деди Таджури.

Мындан улам адис саламаттыкты сактоо тармагындагы жетекчилерди кайсы бир кооптуу оору смартфон аркылуу тарап кете электе коопсуздук тууралуу ойлонууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости