www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибдер түздөн-түз аскерий коркунуч туудурбайт", - деди бүгүн, 20-августта NazarNews маалымат агенттигине саясат талдоочу Айданбек Акматов.

- Айданбек агай, Фарид Ниязов Орхан Инандыга берген атуулдукка байланыштуу кылмыш иши боюнча пикирин билдириптир. Анын айтканына ынансак болобу?

-  Фарид Ниязов Жарандык боюнча комиссиянын мурунку төрагасы катары өзүнүн жообун бериптир. Бирок мөөнөттөр боюнча мыйзам бузуулар болгондугун моюнга алыптыр. Мен бул жерде юридикалык маселелерди чечмелегим келбейт. Аны тергөө жүргүзсүн. Бул жерде чоң саясий, кыргыз-түрк мамилесине өтө катуу таасир эткен жагдай тууралуу айткым келет. Түркия 2016-жылы Гүленчилердин куралдуу төңкөрүш аракетине кабылды. 250дөн көп киши өлдү. Парламент бомбаланды, президенттин өмүрүнө кол салуу аракети жасалды. Түрк соту, юстициясы муну куралдуу төңкөрүш деп атады. Анын артында Гүлен жана ал түзгөн уюм турат деп аныктап, Гүлендин уюмун террордук деп тапты. Гүленге, анын уюмун тиешеси барларды, лидерлерин өткөрүп берүүнү суранды. Түркияны стратегиялык өнөктөш, бир тууган эл деген Кыргызстан жетекчилиги эмне кылды? Гүленчилерди берүүдөн баш тарты. Ал эмес шектүү жагдайларда жарандык беришип, кыргыз-түрк мамилесин уулашты...

- Азыр бири талибдерди колдоп,  бири алардын бийликке келишинен кооптонгон учур. Ооганстандагы талибдердин бийликти толук колго алышы  Орто Азия үчүн чын эле коркунуч жараттыбы?

- Талибдер түздөн-түз аскерий коркунуч туудурбайт. Алар өздөрү да Борбор Азия мамлекеттерине коркунуч туудуруу ниети жок экенин билдиришти. Туудурган кезде да ЖККУ сыяктуу бирдиктүү коргонуу уюму бар. Талибдер айрым диний уюмдарга шыкак бериши гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости