www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР ӨКМ Баткен облустук башкармалыгынын 2017-жылдын  16-майында саат 00-45 те алдын ала телефон аркылуу берген маалыматы боюнча:

2017-жылдын 15-майында саат 19:20 чамасында Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын аймагында, Гавуян тоосуна катуу жааган жамгырдын кесепетинен, Гавуян сайынан сел түшүп, Айдаркен шаарынын Октябрская, Асаев, Жашыл-Бак, Айдаркен жана Тынчтык көчөлөрүндө сел суулары аккан.

Сел суулары 11 турак үйгө жана 17 огород участкаларга кирип, 5100 метр аралыкта ички чарбалык жолдорду жана 3200 метр аралыкта ички чарбалык арыктарды басып, 5 даана электр мамычасын, “ДЭУ МАТИС” үлгүсүндөгү мамлекеттик № А 91-25 А автоунаасын агызып кеткен.

Сел жүргөндө өчүрүлгөн электр энергиясы саат 00-00гө Октябрская көчөсүнөн  тышкары, шаардын башка аймактарына берилген.

Айдаркен сымап комбинатынан 1 даана погрузчик жана 1 даана портер тартылды.

Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Бүгүн  саат 7:00 дө ыйгарым укуктуу өкүл А. Халмурзаев жеринде сел кирген үйлөрдүн абалын  көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугуп,   иликтөө жана сел кесепетин жоюу жумуштарын аткарууну тиешелүү кызматтарга тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости