www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия расмий түрдө баскынчы деп кабыл алган Украинада президенти Петр Порошенконун уулунун «Орусия» деп жазылган футболка менен тартылган фотографиясы күн тартиптен орун алды.
Порошеноконун Англияда Concord Collegeде билим алып жаткан уулу Миша Порошенко “Орусия» деп жазылган футболка менен тартылган сүрөтүн инстаграмда бөлүштү. Коомчулуктун алдында Москвага карата катуу мамилесин улантып жаткан Украинанын президенти Порошенко борбор шаар Киевде өткөргөн жылдык пресс – жыйынында бул тууралуу билдирди. Петр Порошенок : «Бул сүрөт Хэллоуин (жез кемпирлер) майрамында тартылган. Ал күнү кээ бирлери шайтан болуп, кээ бири бул футболканы кийди. Бул тууралуу 15 жаштагы уулум менен сүйлөштүм. Бардык нерсени түшүнүшү үчүн туура сөздөрдү айтканыма ишенсеңиздер болот»,- деди.
Порошенко уулунун өзүнө таандык болбогон бул футболканы күнүмдүк турмушунда кийбегендигин айтты.
Крымдын Орусия федерациясына караштуу болушунун жана Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагынын бир тараптуу көз карандысыздыгын жарялагандан кийин Киев башкаруусу Орусияны кол салуучу өлкө катары тааныган мыйзамды кабыл алган.
Булак: "trt.net.tr"