www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернетте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери менен орой сүйлөшкөн айдоочунун видеосу тарап жатат.
Видеодон айдоочунун кайгуулчуга «чеч, такканды билгенден кийин. Болчу, эй, өпкөңдү үзүп кое электе. Чеч бол» деп айтып жатканын угууга болот.
Милициянын кайгуул кызматынын маалыматына караганда, аталган окуя 3 ай мурун болгон. 22-июнда Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде туура эмес жерге токтотулган «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөгүнө блокиратор орнотушкан.
«Кийинчерээк айдоочу келип, бирок документтерин көрсөтүүдөн баш тарткан жана узакка чейин кайгуулчуларга баш ийген эмес. Жыйынтыгында айдоочуга Жоруктар жөнүндө кодексинин 82-беренесинин (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) жана 123-1-беренесинин (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) 1-пунктунун негизинде протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Ошол учурда айдоочу окуяны видеого тартып, кайгуулчуларды кемсинткенге аракет жасаган. 3 айдан кийин видеону монтаждап, интернетке таркатып жиберген», - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg