www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Назарбеков Мирлан Рысбекович Талас облусундагы Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында 1977-жылы 11-октябрда төрөлгөн. Мектепти Кемин шаарында "Даанышман" лицейинде  алтын медаль менен аяктаган. Кесиби - юрист, КМУнун юриспендиция бөлүмүн бүтүргөн. Бишкек шаарындагы Финполицияда эмгектенген. 2004-жылдан бери ишкерлик менен алектенет. Үй-бүлөлүү. Үч уул, эки кыздын атасы.

Мирлан Рысбекович кечээ, 13-сентябрда Кара Буура районунун Чоң Кара Буура айылынын жашоочулары менен жолукту. Алгачкы эле сурообуз элет элинин көтөргөн маселеси болду.

- Мирлан Рысбекович эл менен жолугушууда кандай маселелерди көтөрүп жатышат?

- Кулайга шүгүр, каерге барбайлы эл жакшы кабыл алып, жолугушуу ийгиликтүү аяктоодо. Мен алгач эл менен жолугушууну Үч-Булактан баштадым. Экинчи жолугушуум Чоӊ-Карабуура айылында болду. Элдин көтөргөн негизги маселелери бул - таза суу, бала бакча, газдаштыруу, жол. Башка дагы жеке маселе менен кайрылгандар да болду.

- Талапкерлерге, дегеле "Мекеним Кыргызстан" партиясына элдин ишеними канчалык экен?

- Ортодон жогору көрсөткүчтө деп ойлойм, ишенимдүү булактар дагы ошентип айтышууда. Жалпысынан жаман эмес. Иштеш гана керек! Кесибим юрист болгону менен айыл, эл турмушун жакындан жакшы билем. Элдин суроо-талабын кантип женилдетсем деген ой-максатта көп ойлондум да, анан ушул жолду тандадым.

- Кайсы маселеден баштайын деп атасыз?

- Эӊ биринчи эле маселе - аймактарды өнүктүрүү. Кантип жумуш орундарын түзүү керек деп көп ойлоном. Кудай жалгап, парламентке депутат болуп барып калсам ушул маселелерди чечмекмин, жергиликтүү башкаруу мыйзамын жана банктар боюнча мыйзам жазууну колго алмакмын.

- Соӊку суроо. "Мекеним Кыргызстан" партиясын кандай критерий менен тандадыӊыз: лидерин карадыӊызбы же партиянын программасынбы?

- Экөөн теӊ карадым. Программасы да, лидери да купулума толду. Ошондон улам, ушул партия менен бирге барууну туура көрдүм.

Маектешкен Кызгалдак Жакыпова

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости