www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий сапары менен келген Мамлекеттик кеңештин мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.  Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жээнбеков кыргыз-кытай өлкөлөрү ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилеп, айыл чарба, транспорт жана жол боюнча артыкчылыктуу долбоорлорго токтолгону айтылат. Ошондой эле КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинге салам жолдоп, гуманитардык жардам көрсөткөнү жана медициналык эксперттерди жибергендиги үчүн кытай өкмөтүнө ыраазычылык билдирген.

"Мамлекет башчы электрондук соода жана маалыматтык технологиялар жаатында кызматташуунун жаңы моделдерин ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Бул соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө өбөлгө түзөт. Мындан сырткары, коронавирус инфекциясынын макроэкономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизгенин эске алуу менен Кыргызстандын Кытайга болгон карызынын төлөмдөрүн жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.

Коронавирус инфекциясынын макроэкономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизгенин эске алуу менен, Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И жолугушуу үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирип, КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин жолдогон саламын айтты.

Ал ошондой эле Си Цзиньпиндин билдирүүсүн окуп берди. Анда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер коронавирус инфекциясы пандемиясынан улам келип чыккан сыноолорго туруштук бергендиги, эми азыр пандемиядан кийин кызматташтыкты, анын ичинде «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында да бекемдөөгө көңүл буруу керектиги жөнүндө белгиленет.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө, ошондой эле өз ара тилектештикти жана учурдагы түзүлгөн кырдаалда бири-бирин колдоону улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости