www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдоочу, кайырчыга тыйын бербе!

Мындай аргасыз чакырыкка калаада көбөйгөн кайыр сурагандардын маселеси түрткү болду дейт журналист Чынар Капарова.

Албетте, жыргаганынан кайыр сурап, күндүн ысык аптабына какталып, күнүмдүк оокат үчүн тыйын чогултуп жатканын жакшы түшүнөбүз. Боорукер адамдар да жок эмес. Колдон келген тыйынды берип, андан ары жол улайбыз. Бирок...

1. Кайыр сурасаң да шаарда тыйын табасың деген ой менен айылдан калаага агылып келген майып жана кары адамдардын саны өстү.

2. Ымыркай, жаш балдарды көтөрүп же жетелеп алуу. Мында баланын саламаттыгына доо кетип жатканы социалдык кызматкерлерди деги ойгото албагандай. Айрым балдар “ижарага” алынаары да айтылып келет.

3. Жол коопсуздугу маселеси жаралды. Кокус кайырчыны “сүзүп” алса айдоочу күнөөлүү болуп, жоопко тартылган учурлар катталып жүрөт.

4. Айдоочулар кайыр садака берүү менен боорукерлик иш кылып жатат. Ошол эле учурда кайырчылардын санын көбөйтүп жатканыбызды ойлонбойбуз.

5. Алыскы, жакын коңшу мамлекеттерден келген меймандардан уяласын. Шаардын көркүн гана кетирбестен, калаа башкармалагынын, тиешелүү кызматтардын аракети жоктугунан кабар берет.

6. Эң башкысы, майыптыгы да жок, бага турган балдары бар адамдардын намысты четке кагып тыйын сурап жүргөнү, өкүнүчтүү.

Айдоочулар, албетте боорукерлик жакшы иш. Бирок кайрымдуулуктун башка жолун таап, бул терс көрүнүштү жолдон алыс таштаганга аракет кылып көрбөйлүбү. Келгиле, канчалык жүрөгүбүз оорубасын жол аралап кайыр сурагандарга тыйын бербей көрөлү. Ошондо жол “бизнеси” болбой калды деген ой менен кайыр суроонун бул түрүн кыскарта алаарбыз.

Урматтуу калаа башчылары, ушул маселеге көңүл кош мамилени токтотуп, чын эле жардамга муктаж адамдарга кол сунуучу кеңселерди ачаарсыздар. Ошол жерге тыйын-тыпыр, кийим-кече жеткирүүчү жарандар четтен табылат. Дал ошол дарек чын эле муктаж адамдардын үйүнө айланышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости