www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болгон окуя: Арбактар да ач болушат экен..

Ач арбак болот дегенге мен мурун дегеле ишенчү эмесмин. Тээ согуш мезгилиндеги немистердин концлагериндеги денелери, сөөктөрү жабышып отуруп жалаң гана кабыргалары менен сөөктөрү көрүнүп калган ач адамдарды элестетип, ач арбакты да ошолорго салыштырып, мыйыгымдан жылмая күлүп койчумун.

Көрсө, чын эле ач арбак деген болот экен, кандай учурда ач арбак болуп көзгө көрүнөт?  Мисалы,  маркум  болгон адамдын   балдары,   тууган-туушкандары, жакындары жок болуп, бир көмүлгөн боюнча ага куран окутулбай калса, маркумдун арбактары куран окутууну эңсешип кадимкидей ач болуп ачынышат экен. Эмне үчүн дайыма тамак ичкенден кийин маркумдарга багышталып куран окулат? Анткени адам баласы жакшы тамак ичкенден кийин маркумдарга куран окуса, маркумдун арбактары дал эле ошол тамактар менен азыктанат. Бул динчилердин сөзү деп, балким, кээ бир окурмандар ишенбестир. Ошол себептен мен башымдан өткөн бир окуяны айтып берейин.

Нарын өрөөнунө караштуу Тогуз-Торо    районунун    Казарман айылына    таятамдардын    үйүнө жайкы каникул мезгилинде эс алганы баргам. Айылда жүрүп таятамдын балдары менен тоого чыгып калдык. Таятамдын кошунасы тоодо, сарайда турушат экен. Жай мезгили болгондуктан, алар турган тоо бети жайлоодон эч айырмасы жок. Бирок жай болсо да түнкүсүн жылуу кийинип жүрбөсөң, чыйрыгып кетесиң. Таятамдын кошунасынын биз теңдүү балдары менен тоого чыгып ойноп, мал кайтарып, кымыз ичип бир аптадан ашык жүрдүк. Сарайдын четине бышык кирпич менен үй салып алышыптыр заңгыратып. Жай мезгилинде анын жанына боз үй да тигип коюшат экен. Үй ээлери чоң үйгө, биз болсок жалаң жаш балдар боз үйгө жатчубуз. Тун бир оокумга чейин уктабай сүйлөшүп жатып, анан уктап кетчүбүз.Ошол күнү бир казан эт салып,беш бармак жеп кеч жатканбыз.Тамакка тоюп алган боз үйдөгү боз балдар бат эле конурук тартып уктап кетишти. Мен уктай албай уйку- соонун арасында чала уйку болуп жаткам. Ошол маалда эшиктен сакал-муруту, чачтары өскөн бир киши кирип келип, эки жакты карай өзүнчө сүйлөнө казан-аяк жакты көздөй басты. Эшик илинүү болчу, кантип киргенин билбейм. Боз үйдөн тамактанчубуз, ошо себептен казан-аяк да боз үйдө турчу.

- Өх, курсагым аябай ачты, казандагы тамакты жылытып жебесем болбойт.

Ал босого жактагы очокто турган казандын ичин ачып карады дагы, тезектерди очокко таштап, алоолонто от жагып кирди. Мага көңүл бөлгөн да жок, анан казандын ичин ачып, ичинен бир нерселерди жей берди. Мен унчукпай аны карап жата бердим, Бул үйдөгүлөрдү жакшы тааныбагандыктан, үй ээсинин тоодо мал кайтарып жүргөн туугандары го деп ойлогом. Бир кезде жанымда жаткан бала чукуранып ойгонуп кетти да ордунан козголо эшикке чыгып жөнөдү. Мен дагы эсиме келе очок жакты карасам эч ким жок, күйуп жаткан от дагы өзүнөн -өзү өчүп калгансыды. Казан ордунда мурункусундай эле абалда турат. Алиги тамак жеп аткан кишинин карааны да көрүнбөйт. Бурчта үйүлүп турган тезектер ордунда эле экен. Алиги жанымда жаткан кошунамдын баласы сыртка чыгып заара ушатып келди дагы уктабай көзүмдү ачып жаткан мени карап "Эмне болду?" - деп бир нерседен шектенгендей сурай кетти. Мен алиги кишини өңүмдө көрдүмбү, түшүмдө көрдүмбү айрый албай турдум. Тигиге болсо эч нерсе болгон жок дегендей башымды чайкап уктоого аракет жасадым.

Эртеси күнү чай ичип отурганда түндө көргөнүмдү үйдөгүлөргө айтсам үй ээси өзүнчө наалый тизесин шак эттире бир чапты,

-  Түй ата, мен аларды эстен чыгарып   жиберген   турбаймынбы. Аларга көптөн бери куран окулбай калган. Бүгүн кан чыгарып куран окутуп койбосок болбойт...

-  Аларыңыз ким? - биз эч нерсеге түшүнбөй үй ээсине суроо узаттык. Үй ээси айтсамбы, айтпасамбы деп бир азга олку-солку болуп турду дагы анан акырын кобурап кирди:

-  Силер эми чоңоюп деле калдыңар. Коркпойт деле болушуңар керек. Бул биз жашап жаткан жер мурун мүрзө болгон. Тээтигил жак ашуу, мурун ушул ашуудан Кытай жакка кетишчү. Илгери союз чачыраганда бул жактын басмачылары менен кызыл аскерлер согушуп, басмачылар Кытай тарапка өтүп  баратканда   биздин  кызыл аскерлер тосуп алышып, ортодо аябай кан төгүү болуп эки тарап

аябай атышышыптыр. Акыры басмачылардын баары курчоодо калып, колго түшкөндө дал эле тигил сарайдын жанына бардыгын тизип туруп, бирин да койбой, Кытайга качырбай, атып салышыптыр. Алардын арасында биздин айылдыктар да бар болчу дешет. Араларында бейкүнөө өлгөндер да бар экен. Бардыгынын өлүгүн тээ-тигил сарайдын алдындагы чуңкурга көмүп салышыптыр. Кийин союз мезгилинде ал жерде маркумдар жатканынан көңүл бөлбөй эле үстүнө ушул кашарды салып ташташпадыбы.   Балким   жергиликтүү бийликке эч ким түшүндүрүп айткан эместир же айткандан коркушкандыр. Союз чачыраганда ушул кашар менин үлүшүмө тийип калбадыбы. Алар ач арбактар, анткени аларга эч ким куран окубайт. Кез-кез ушинтип көзгө көрүнүшүп, казанаякты калдыратып келе беришет. Аларга багыштап кан  чыгарып,  мал  союп,  куран окуткандан кийин көп мезгилдерге чейин көрүнбөй кетишет. Бүгүн кан чыгарып алардын арбактарына багыштап куран окутуп койбосок болбойт. Силер алардан чочулабай эле койгула, эч зыяндары жок, а биз болсок көнүп калганбыз,

Биз бул аңгемени уккандан кийин эртеси күнү эле айылга түшө качтык. "Өлүүлөрдөн коркпой, тирүүлөрдөн корк" деген кеп бар эмеспи.

Бирок чын эле алардан коркпой-качпай койсок деле болмок. Андан көрө жалпы эле окурмандарга кеңеш берээр элем, көздөрү өтүп кеткен маркум ата-бабаларга даамдуу тамак ичкенден кийин сөзсуз куран окутуп тургула, - деп. Көрсө, ач арбактар ошондон пайда болот турбайбы.

К.Сулайманов, Нарын областы

Булак: “Шам бала”

Последние новости