www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы тапта чыгармачылыгы менен кызуу иштеп жаткан ырчы Айгерим Расул кызынын жакында эле жарыкка чыгарган “Айтпаса экен” деген ыры коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бул чыгарманы буга чейин Гүлнара Кахарова аткарып чыгып, хитке айландырган эле. Бирок, бул чыгарманы кайрадан аткарып чыккан Айгеримди көпчүлүк сындаган. Бул тууралуу ырчы айым:

“Акыркы убакта социалдык тармактарда Гүлнара Кахарова эже экөөбүздү “Айтпаса экен” деген чыгарманы аткарганыбызды салыштырып сындагандар көбөйдү. Тобоо чоң-кичүүнү салыштырган эмне деген заман? Айланайындар, эч ким жарышып жаткан жок мен жакшы ырдадым деп! Биринчиден, Гүлнара эже чоң эле эже, мен кызы менен эле теңмин. Эне-баланы, улуу-кичүүнү кантип салыштырасыңар? Уят! Экинчиден, ни кто не спорит 100% Гүлнара эженин аткаруусуна оригиналга эч кимдин аткаруусу жетпейт жана Кыргызстанда Гүлнара эженикиндей үн жок. Үнү эксклюзив эч кимдикине окшобойт! Коңур үнүн, диапазонунун кенендигин айт, ырды каалашынча созуп, ийине жеткирип, майын чыгарып кыйналбай ырдайт. Чындыгында мыкты аялзат, жети баланын баатыр энеси, үй-бүлөсүн баардыгынан жогору койгон төгөрөгү топ келген айым. Кыскача айтканча, Гүлнара эже үлгү алчу айым. Үчүнчүдөн, “Айтпаса экен” оңой чыгарма эмес аны алы жеткендер гана ырдай алат. Экөөбүз дуэт жаздырганда менин аткаруум Гүлнара эжеге жаккан үчүн, сага жарашат экен ырдай бер деп өзү уруксаат берген. Унчукпай койсо менин деле оюма келбейт болчу жеке ырдап чыкканга. Учурдан пайдаланып Гүлнара эжеге мени колдогонуна терең ыразычылык билдирем. Ошондой эле ырдын автору: Гүлжигит Сатибековко, сөзүн жазган Жыпара Исабаевага чоң рахмат! Төртүнчүдөн, мен болушунча ырды бузбай, эженин тональностьту менен аткарганга аракет кылдым. Аны түшүнгөндөр билет. Мен ошого Гүлнара эже менен бир сахнага чыгып ырдаганыма сыймыктанам!” – деп билдирүү жасады.

Последние новости