www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Сапар Жумакадырович, азыркы Конституция боюнча азыр сиздин укугуңуз абдан эле узун. Андыктан, азыр сиз ТЭЦтин деректирин кызматтан алып койдум дегениңиз жоопкерчилик тартырууга жатпайт. Ал эртең эле тойтоюп башка кызматка барып алат”. Бул сөздү КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова парламенттеги ТЭЦтин авариялык абалы тууралуу Өкмөттүк саатта айтты.
Анын айтымында, Өкмөт мамлекеттик органдардын жетекчилерин жоопкерчиликке тартуунун жаңы механизмдерин иштеп чыгып, кызматтан алынуу менен эле жазасыз калбай, 50 миң эле мамлекетке зыян келтиргени үчүн чоң айыптар салынышы керек. “ТЭЦтин деректиринин шалаакылыгынан борбордо жүз миңдеген эл суукта калды. Бул үчүн керек болсо, деректирди жоопкерчиликке тартып, үй-мүлкүн конфискация кылуу керек”, - деди депутат айым.
Эске сала кетсек, ушу тапта прламент ТЭЦтеги авария боюнча, Өкмөттүн маалыматын угууда…
Булак: govori.tv