www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аты жаман оору өлкөбүздө катталгандан бери атуулдар колдорунан келген жардамдарды берип жатышат. Мындай эр-азаматтар тууралуу Айкөкүл Асылбекова аттуу Фейсбук колдонуучусу да Ноокат районуна берилген жардамдар тууралуу жазып чыкты. Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди:
“Жарыктыкта кайсыл ата-эне болбосун перзентинин эл башына кыйын күн түшкөндө кылчактабай, калк кызматын кылып, журт жүгүн женилдетсе деп тилейт. Анын сыңарындай акыркы күндөрү элибиз Жараткандын чоң сыноосуна туш келип олтурганда, ушундай кыйын кырдаалда калкына жардам колун созгон жигиттерди көргөндө, укканда, кубанганындан аларды өстүргөн ата-энесине “оп-баракелде” дегиң келет.
Дегенибиз бүгүн Ноокат районуна Төрөбай Зулпукаров, Азамат Арапбаев сыяктуу эр-азаматтарыбыздын демилгеси жана демөөрчүлүгү астында 40 тонна ун, 5 тонна өсүмдүк майы, 20 миң даана беткаптар келди.
Райондун акими Давранбек Маматалиевдин айтымында келген жардамдар эң алгач айыл өкмөттөрдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таркатылып берилет. Бүгүн айыл өкмөттөрдө тизмелер такталып жатат.
Бул эле эмес дагы бир жакшы кабар:, Миңдеген жаштарыбызга жумуш ордун түзүп, жүздөгөн жарандарыбыздын үйлүү болуусуна кызмат кылып келе жаткан “Эмаком” холдинг курулуш компаниясы да ушундай учурда районго айтарга арзырлык жардам берип олтурат. “Эмаком” холдинг курулуш компаниясынын жетекчилиги элибиздин ден-соолугунун жакшы болуусуна жардамы тийип, кызмат кылсын деген жакшы ниетте, бардык керектүү аспап жана аппараттары бар, 38 миң долларлык, заводдон түз алынып келинген, жапондордун жаңы, тез жардам автоунаасынын ачкычын акимге тапшырды. Мындан тышкары он беш мин даана беткап да беришти.
-Албетте, инсан катары эл башына ушундай машакат түшкөндө жөн карап тура албайт экенсиң. Мекенчилдик сезимиң ансайын күчөп, элиме кантип жардам берем деген ойлор жан дүйнөндү тыбырчылатып, тынчтык бербейт экен. Анан биз ойлонуп, ушундай кадамга бардык. Бул биздин аз болсо да элибизге берген жардамыбыз болсун. Негизи мындай соопчулук иштерди жасаганды айткан туура эмес. Бирок башкаларга да үлгү болсун деген максатта айтып жатабыз”-дешет “Эмаком” холдинг курулуш компаниясынын негиздөөчүсү ага ини Эмилбек жана Мелисбек Жусуповтор.
Ананчы “жакшылык иште жарышкыла” деп айтатта пайгамбарыбыз өз осуятында. “Мындай “садака жарыя” иштерин башкалар да үлгү алсын деген максатта ачык жасаган да жакшы”-дейт аалымдарыбыз.
Анын сынарындай балким биз да жогорудагыдай сооптуу иштерди жасаган, элге жардам берген жигиттерибиздин аты-жөнүн башкаларга да үлгү болсун, аларда ушундай жакышылык иштин улантуучулары болуп калышсын деген жакшы ниетте жарыялап олтурабыз”,-деп жазган ал.

Нет описания фото.мНа изображении может находиться: автомобиль и на улице

Эске салсак, коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке жалпы 8 миллион 702 миң сом түштү. Бул тууралуу бүгүн, 23-марттагы онлайн маалымат жыйынында вице-премьер Эркин Асрандиев билдирди.

"Айыл банк" жана "РСК" банктарында атайын эсеп ачылган. Эсепке канча акча которулганы жана топтолгон каражаттар эмнеге жумшалганы боюнча калкка күн сайын ачык маалымат берилет. Топтолгон каражатты эмнеге сарптоо керектиги Жогорку Кеңеш чечет ", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости