www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын жетекчиси, Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн кесилишинде коронавирустан улам бет капчан адам кулады деген маалыматты четке какты.
Балбак Түлөбаев билдирүүсүндө: "Жерде кулаган бала Бишкекте учетто турат. Мурун элирме оорусу менен ооруп жүргөн", - деген.
Белгилей кетсек, бүгүн, 23-мартта Бишкек шаарындагы А.Токомбаев менен Сухе-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде жерде жаткан адамдын видео-тасмасы социалдык тармактарда тарап кеткен. Анда элдер коронавирустан улам кулады деген сөздөрүн айтышкан.
Окуя болгон жерге Октябрь РИИБдин кызматкерлери барган.
Кийинчерээк тез жардам кызматынан билдиришкендей, жерде жаткан адам мас болгон. Тез жардамга А.Токомбаев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде эркек адам жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүү учурунда ал мас абалда экени аныкталды. Аны тез жардам кызматы үйүнө жеткирди.
Булак: NazarNews.kg