www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Ош облусунда жана Ош облусуна караштуу Ноокат районунда коронавирус жуктурган дагы эки адам катталды. 1960-жылкы аял жана эркек. Алар кичи хаджадан келгендер. Бул тууралуу COVID-19га каршы түзүлгөн республикалык штаб билдирди.
Эске салсак, бардыгы болуп республикада COVID-2019 кабылгандардын саны 16 (7 эркек, 9 аял). Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгондордун саны - 2628 адам.
📍Кыргызстандын 7 облусуна 14 санитардык-карантиндик пост орнотулат. Алар 2 нөөмөттө күнү-түнү иштешет.
📍ӨКМ жер-жерлерде бардык облустардын айыл-шаарларынын ички көчөлөрүн дизинфекциялоодо.
📍Өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабастан, мамлекеттик органдар көнүмүш иш графиги боюнча иштешет.
📍"Манас" жана "Ош" эл аралык аэропорттору аэробекеттерге узатуучуларга жана тосуп алуучуларга кирүүнү убактылуу чектеди. Аэропорттордун имаратына билеттери бар жүргүнчүлөр гана өткөрүлөт.
Булак: NazarNews.kg