www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең? 7-апрелде 2010-жылдагы апрель революциясынын болуп өткөнүнө туура 8 жыл толот. Ошол окуяда шейит кеткен баатырларыбызды эскерип, алардын эрдиктерине таазим этип туруу – ар бирибиздин ыйык милдетибиз болуп саналат.

Андыктан 7-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги 2010-жылы апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү мемориалдык дубалынын таманына гүл коюу аземине катышат.

Бул иш-чарага өлкөнүн экс-президенттери Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева, ЖК төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева да чакырылган. Мындан сырткары иш-чарага 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, революциянын катышуучулары, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, өлкөбүздүн башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана коомдук ишмерлер да катышат.

Мамлекет башчысы С. Жээнбеков ошол эле күнү 2002-жылкы Аксы окуяларында жана 2010-жылкы апрель окуяларында «Ала-Тоо» аянтында курман болгондордун элесине арналган Эл эркиндиги үчүн монументине да гүл коет.

Буга чейин биз экс-президент А. Атамбаевдин мамлекет башчысы С. Жээнбековдун дарегине карата орунсуз сындарды айтканына күбө болгонбуз. Ошого карабастан мамлекет башчысы өзүнүн айкөлдүгүн көрсөтүп, А. Атамбаевди да бул иш-чарага катышууга чакырууда. Ал эми А. Атамбаев өз бийлиги жүрүп турган маалда ага чейинки экс-президент Р. Отунбаеваны мындай иш-чараларга атайылап эле чакыртпай койчу экенин да билебиз.

Бирок, кечеги кетирилген катачылыктарды бүгүн кайталоонун зарылчылыгы жок. Бул жааттан алганда С. Жээнбеков абдан туура кадам жасоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости