www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Парламент депутаты Асылбек Жээнбековдун мандатын экс-президент Алмазбек Атамбаев менен экс-депутат Мээрбек Мискенбаев тапшырсын деп жатат. Ушул талап канчалык негиздүү деп эсептейсиз?
- Мен мындай талапка такыр кошулбайм. Асылбек Жээнбековду эл шайлаган. Анын мандатын Атамбаев да, Мискенбаев да ала албайт. Мындай талап мыйзамга да туура келбейт. Андыктан, Асылбек Жээнбеков мандатын эч качан таштабашы керек.
- Бирок, Атамбаев муну менен үй-бүлөлүк кландык башкаруу орнойт деп жатпайбы. Мындай чоочулоолорго негиз барбы?
- Мен андан эч кандай кландык башкарууну көргөн жокмун. А.Жээнбеков керек болсо мурда эле депутат болуп шайланып, агасы президент болгонго чейин эки жолу спикер да болгон. Керек болсо акыркы 6 жылда Атамбаев өзү кландык башкарууну түптөдү. Шоопурун, катчысын, жансакчысын, туугандарын билимине карабай чоң кызматтарга койду. Андыктан, экс-президент элге жек көрүндү болбой түз жүрүшү керек.
Булк: NazarNews.kg