www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тасма айылынын тургуну: «Мамиевдерге он гектар жеринди бер, бербесен жериндин баарын тартып алам»
– Айыл өкмөт башчысы Кайыков Курманбек, жер адиси Усенов Нурбек 2016-жылы май айында мага «техникаң бар ижарага жер алып иштет» – деп кайрылышканынан мен 40 гектар жер алгам. Ал жер башында иштетилбеген кара куурай басып, пайдаланылбай жаткан дың жер болчу.
Айыл өкмөт башчысы менен 2025-жылга чейин он жылдык мөөнөт менен келишим түзүп, былтыр иштете баштагам, быйылкы жазга даярдап жерди айдап койгом. Анан ортодон кызмат абалынан пайдаланып, жер адиси Усенов Нурбек 2016-жылы түзүлгөн келишимдин үстүнөн 2017-жылы кудасы Мамиев Нурбеке менин он гектар жеримди берип салган. «Эмнеге бөлүп бердиң сотко кайрылам» десем, «билбей бөлүп алыптырмын, эми күзүндө бошогондо, кайра өзүң ал” дегенинен бир айыл болгондон кийин талашпайын – деп, 30 гектар жерди иштетип калдым. Бирок күзүндө бербей коюп талаш болду.
Ошол боюнча айылдык сотко кайрылдык, алар менин пайдама туура чечип беришкен. “Өзүнүн алган жери ошол бойдон калсын, бул жерди башында эч ким албай жатканда, ушул биринчи келип алган” дешти. Анан күзүндө бардык жерди айдап, салыктарды толук төлөп, кымбат үрөн алып, жерди, техниканын баарын даярдап, эми себейин деп жатсам, айыл өкмөт башчысы Кайыков Курманбек кабинетине чакырып алып, «Мамиевдерге он гектар жериңди бересиң, бербесең жериңдин баарын тартып алам» деди. «Курманбек аба, калыстык менен, аксакалдар соту менен чечилбеди беле» десем, «сен соцфондду убагында төлөбөптүрсүң, демек келишимди буздуң» – деп, анысы аз келгенсип, өзү түзгөн келишимди ‘жарабайт” – деп септирбей тоскоол боло баштады. «Анда эмнеге жарактуу кылган жоксуң” десем, “ошол кезде убактыбыз болгон змее. Бул жерди эми аукционго коөм, болбосо он гектарды бер” – деп, мени жолотпой, кыстап жатышат. Талаш-тартыш ошентип уланып келе жатат, бир жыл болду, күзүндө айыл өкмөт өзүнүн, айылдык соттун чечимин да карашпай, элге, “Жекеевдин жери аукционго коюлат” – деп айтып, басым кылып жатышат.
Убагында жер алганда келишимди эле берип, калган документтерди ушуга чейин бербей созуп кележатат. «Сенден эч ким талашпайт» -деп жердин картасын ксерокопиядан өткөрүп берип коюшкан. Жерди тактап бер деп жер адисине кирип атып тажадым. Эми жазында айтылгандай, “Мамиевдерден арыз түштү, ошолорго он гектар бергин болбосо бүт жериңди алабыз” – деп коркутуп жатат. Азыр ал жердин баарын айдап койгом, айылдык соттун чечими да турат, үрөндөрдү кымбат алып келгем, үрөнүм да себилбей турат. “Эгерде сепсең, акты түзүп, айып төлөтөбүз” – деп коркутуп жатат. Күзүндө өкмөт башчы жер адисин тилдеген “сен эмне акмактык кылып атасың , бир алган жерин бер да дьщ, кара куурай басып жатканда алды эле го” – деп. Анан эле кийин жаз келгенде айыл өкмөт башчы аз сөзүнө, өзүнүн келишимине кагаты сүйлөп жатат. Өкмөт, жер адиси, Мамиевдер эле талашып жатат, ал эми аксакалдар соту баары меникин тура дешүүдө. Эгер үрөнүм себилбей калса анын чыгымына ким жооп берет? Жоопкерчиликсиз айыл өкмөтүбү? Деги буларды тескей тургандар барбы?
Турсунбек Садабаев, Тасма айылынын тургуну: “Кайыков жерди тартып алды, балам эки баласы менен көрүнгөн жерде жүрөт”
– Он жылдай болуп калды, айылдан уулум Садабаев Жыргалбеке 25 сотых жер алгам. Салыктарынын баарын толук төлөп жүргөм. Анан эле бир күнү «сенин жериң жок төлөбөй эле кой болду» дешти. Аны бирөөгө Мүсүрбаев Өмүркулга бериптир, анан ал жер адиси Усеновдун бир тууган кайнисине бериптир. Ошону менен салык төлөгөндүгүм боюнча квитанцияларынын баары бар, бирок жерди кайра тартып алды, биякта жер меники экенин элдин баары билет. Арыз жазалы десек, “Жазба, документтери жок, мен башка жер таап берем” дейт Усенов. Балам эки балалуу болду, көрүнгөн жерде жүрөт. Арызданып Кайыковго барсак, ал “комиссия түзөбүз” дейт, Усенов Нурбек, “башка жерден жер берем” – деп бербей жатышат. Мен өз жеримди өзүм эле алайын деп жатам.
Редакциядан:
Биз арыздануучу тарап менен жолукканда, “Карасаев айыл өкмөтүндө жер тилкелер кандай бөлүнүп жатканын да билбей калып жатабыз, жең ичинен бөлүнүп кетүүдө, депутаттар алып жатат, бир тууган кайнилери алып жатат” дешип, армандарын айтып жатышты. Бул маселе боюнча журналисттик иликтөөнү жеринен баштайбыз…
Булак: “Ачык Саясат”