www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аймактардагы ишкерлерди колдоо максатында «РСК Банк» тарабынан «Алыскы айылдарды колдоо» аттуу долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда «РСК Банктын» төрагасы Азизбек Оморкулов бүгүн, 13- сентябрда билдирди.

Анын айтымында 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, «РСК Банк» тарабынан аймактардагы ишкерлерди насыялар менен камсыз кылуу үчүн активдүү иш алып барып жатат.

«Региондорду өнүктүрүү алкагында „РСК Банк“  тарабынан „Алыскы айылдарды колдоо“, „Элет“ жана „Ишкер“ аттуу долбоорлору ийгиликтүү ишке ашырылып жатат. Мындан  тышкары региондордогу борбордон алыс жайгашкан айылдардын тургундарынын ишмердигин өнүктүрүү максатында   „Алыскы айылдарды колдоо“ аттуу долбоору иштелип чыккан. Бул долбоордун  артыкчылыгы  —  күрөөсүз,  айыпсыз жана комиссиясыз жылдык үстөгү  12 пайыз менен кредит берүү», — деп  белгиледи Азизбек Омуркулов.

Ошондой эле, өлкөнүн бардык облустарында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана өндүрүү боюнча долбоорлор колдоого алынып, анын ичинде Ысык-Көл облусунда сүттү кайра иштетүү жана Чүй облусунда терини кайра иштетүүчү ишкана бар экенин жана бүгүнкү күндө 19 400 адам жеткиликтүү кредит менен камсыз болгонун маалымдады.

Мындан тышкары, «Кыргызпочтасы» ишканасы менен биргеликте республиканын 600 айылында айлык акыны жана пенсияларды накталай эмес алуу максатында ПОС-терминалдар орнотулду.  Бул долбоор кошумча  190 айылды камтыйт.

Жакынкы  аралыкта алыскы айылдарда жакынкы аралыкта «Мобилдүү банкинг» долбоору  иштей баштайт.  Анын аркасында өлкөбүздүн  бардык айылдарында жашаган  калк  бардык керектүү төлөмдөрдү телефон аркылуу ишке ашыра алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости