www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан туура бир жыл мурун булбул үндүү ырчы кызыбыз Элмира Кайып кызынан ажыраганыбызга ишенип-ишене албай, акыры жоктоп олтуруп калган элек. 42 жаш курагында ач ажал алып кеткен ырчы айымды эскерүү максатын көздөп жыйырма жылдан бери бирге жашап келген жолдошун маекке тарттык.

- Бейшенбек мырза, Элмира айым каза болгондон бери арадан бир жыл өтүптүр, бул жыл өзгөчө сиз үчүн оор болгондур?

- Туура айтасыз, чындыгында өтө оор болду. Мурда Элмира чыгармачылык иш сапары менен чет өлкөгө көп кетер эле. Андай учурда ал үйдө жок болсо, талантын элге тартуулап жүрөт деп жүрөгүм ток жүрчүмүн. Азыр Элмира жок үй аңгырап турат. Бирок үйдүн боштугунан да адамдын жүрөгүнүн боштугу абдан жаман нерсе экен. Азыркыга чейин Элмира келип калчудай сезимде жашайм. Былтыр 31-август күнү каза болуп, 2-сентябрь Курман айт күнү жерге берилген. Ошондон үч айдан кийин эле эстелигин тургузуп койгом. Жылдыгында достору, туугандары келип гүл коюп, эскерип кетишти. Мурда жайында Элмира экөөбүз чогуу болуп, Ысык-Көл баш болгон кооз жерлерибизди кыдырып абдан көңүлдүү эс алчубуз. Быйылкы жайкы эс алуум эс алууга да окшогон жок.

- Акыркы күндөрү кандай жүрдү эле?

- Былтыр июль айында Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында Эл аралык фестиваль болду. Элмира конкурска катышканы кеткен. Артынан мен бардым. Сынакка Азия, Европа өлкөлөрүнүн мыкты таланттары келген экен. Элмирага: «Өзүңдүн туулган жериңе келдиң, элге уят болбой Гран-Прини алышың керек»,- десем: «Байым, эч ойлонбо, мен Гран-Прини алып барам»,- деп өзүнө ишенгендей айткан. Айтканындай эле мени кубантып Гран-Прини алып келди. Каткырып: «Мен алып келем деп айтпадым беле? Эч кандай суранып же аракет кылган жокмун. Калыстар тобу туура чечим чыгарып ыйгарышты. Өз эмгегим, талантым менен жеңип алдым»,- деп айтканы алигече эсимде. Анан эле күтүүсүздөн жүрөгүнөн приступ болуп каза болуп калды. Биздин шахмат боюнча шеринебиз бар эле, ошол 31-август күнү болуп калып, кеткем. Түшкү саат 12ден өткөндөн кийин балдызым телефон чалып: «Жезде, эжекем кыйналып жатат»,-деп калды. Жүрөгүм бир нерсени сезгендей шахмат столунан акырын туруп кетип, үйгө келдим. Тилекке каршы, мен келгенде Элмира үзүлүп кетиптир. Болбосо ден соолугу мыкты болчу. Шамдагай, баскан-турганы өтө тың эле. Болбогон жерден бир нерсе таап бизди күлдүрүп эле жүрчү. Үйдө да көңүлүбүз чөгүп турса, Элмира жаркылдап атып жазып коёр эле. Сыртынан күлүп жүргөнү менен ичинде ою болсо керек деп калам. Баарын ичине катып жүрүп жүрөгүн жабыркатып алды окшойт. Кайненем төрт жылдан ашык ооруп, гемодиализ алып жашады. Бир тууган иниси кайтыш болуп кетти. Ошонун баары Элмиранын жүрөгүнө оор болуп калды окшойт.

- Эне үчүн да баланы жоготуудан өткөн кайгы жок, кайненеңиз кызынын өлүмүн кандай көтөрдү?

- Кайненем үчүн Элмираны жоготуу өтө оор болду. Мурда биздин колубузда эле, каза болгондон кийин Ысык-Көлгө кеткен. Кийин балдызыма: «Элмиранын эстелигин көрөм»,-дептир. Анан шаарга алып келишти, эстелигине алып бардык. Мүрзөсүн кучактап алып аябай ыйлаган, ошондо өзүн таштап койсо керек, көп өтпөй эле каза болуп калды. 16-июнда кыркын бердик. Элмира тирүү болгондо дагы жашайт беле, 67 жаш курагында эле каза болуп калды.

- Сөздү бактылуу күндөрүңүзгө бурсак. Сиздерди тагдыр кайсы жылдары табыштырды, канча жыл жашадыңыздар?

- Элмиранын үнү укмуш болчу да, мурда эле теледен көрүп күйөрманы болуп жүрчүмүн. Кийин филармониядан биринчи жолу жанынан көрүп калдым. Жандуу ырдаган, жанында туруп угуп, ушунчалык талантына таң бердим. Ошондо экөөбүз таанышып, концерттен кийин үйүнө жеткирип койгом. Элмира кийин: «Ошондо аябай орой көрүнгөнсүң. Мен машинадан түшүп атып бир бутум жерге тийгенде эле айдап кетип калгансың»,-деп айтып калчу. Экөөбүз ошондон кийин тааныш болуп жүрүп, жылдызыбыз келишип калды.

- Бактылуу кыла алдым деп ойлойсузбу?

- Бактылуу жашоо болбойт, бактылуу убактар болот дешет го. Анын сыңары бизде абдан бактылуу күндөр көп болду. Чыгармачыл адамдарды колдобосоң, алар бакытты сезишпейт. Экөөбүздүн ортобуздагы айырма 20 жаш болчу. Элмиранын эркелигин, чыгармачылыгын, кыскасы, баарын түшүнүп, колдогонго аракет кылдым. Ал да менин колдоомду сезип, качан болбосун «Байым» деп ыраазы болуп турчу. Мага мындай адам менен жашоо бакыт болчу. Менин эң бактылуу учурум - Элмира менен жашаган жылдарым болду.

- Ырчыларга жолдош болуу оор дешет, сизге оорчулугу туюлдубу?

- Негизи Элмира түз жүргөн, артынан эч кандай ушак-айың ээрчитпеген айым эле. Андыктан экөөбүз чогуу жашаган жыйырма жылда оорчулукту деле сезген жокмун. Концерттерге барууну анын иши катары кабылдачумун. Кээде өзүм да кошо барып колдоп жүрчүмүн. Андай учурда тамашалап: «Ырдаганда көзүңдү кыспай ырдасаң»,- деп койчумун. Чек арада иштегендер жай айларында аймактарга гастролго барышчу, анда «сагындым, кел» десем, «дагы сагынычың көбөйсүн» деп калар эле.

- Үйдө жубайыңыз катары кандай аял эле?

- Элмира жакшы жар болчу. Үйдө дайыма тамагы даяр, күлкүсү даяр эле. Жумуштан чарчап барганда аны менен маектешкенден кийин кадимкидей эс алып калчумун. Тамакты дайыма келиштирип, даамына чыгарып жасачу. Өзгөчө ашты мыкты басар эле. Кошуна келиндер: «Түштүктүн кызы болсок да ашты сендей жасай албайбыз»,-деп тамшанышчу.

- Элмира айым интервьюларында балалуу болсом деген тилегин көп айтчу эле, бул нерсе өкүнүчү болду окшойт…

- Ооба, ушул нерсе өкүнүчү боюнча кетти. Элмира экөөбүз тең балалуу болууну абдан самаганбыз. Ыйык жайларга чейин барып дуба кылдык. Тагдыр ушундай экен, тилекке каршы ортобузда бала болгон жок. Өткөндө Элмиранын баскан издери менен басып келейин деп Тоң районундагы Манжылы-Ата деген мазарга барып келдим. Бир күн түнөгөндөн кийин элестөөлөр мен үчүн өтө оор болуп эртеси келе бердим. Элмира экөөбүздүн алдыда жакшы максаттарыбыз бар эле. 2017-жылдын күзүндө кызын турмушка узатып, андан соң экөөбүз никебизди мыйзамдаштырып той берип, бала багып алалы дегенбиз. Тирүүлүктө жүрө берет экенсиң да, болбосо эртелетсек, Элмира ошол бактылуу күндөрдү көрүп кетмек экен. Азыр абдан аттиң кылам.

- Элмира эженин кызы менен мамилеңиз өз кызыңыздай экенин байкадым эле…

- Элмиранын кызын өз кызымдай көрүп, аталык милдетимди аткарганга аракет кылдым. 5 жашында айылдан алып келгенбиз. Шаарда мектепке окутуп, кийин Финансы Экономикалык техникумунда, андан кийин Башкаруу академиясынан окуттук. Ишке орноштуруп ата-энелик милдетибизди аткардык.

- Сизди таасирдүү жерлерде иштеген адам деп угабыз, кандай жерлерде иштеп, учурда эмне менен алексиз?

- Өзүм Улуттук университеттин экономика бөлүмүн бүтүргөм. Окууну бүтүп эле ошол жерге мугалим болуп калып калдым.Москвага аспирантурага барып, кандидаттыгымды жактап келдим. Келип өзүм иштеген университетке декан болдум. Кийин Бишкек шаардык казынасынын директору, андан кийин “Кыргызстан коммерциялык банкында” вице-президент, «Дордойдун» президенти, кийин Чүй облусунун финансы башкармалыгына кирип 15 жылдай иштедим. Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында да аталган эле баркармалыкта иштедим. Мен бул жумуштарда иштеп байлык топтогон жокмун, аброй топтодум. Колумда канча акча болсо да кол салган жокмун. Ошондуктан азыр баскан изим, артым таза. Азыр таза иштегениме абдан ыраазы болом, кайда барсам сыйлап тосуп алышат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Экономикалык университетинде профессормун, ошол жерде студенттерге сабак берем. Лекция окуудан ырахат алам. Мени ушул жумушум да сактап калды. Болбосо Элмира каза болгондон кийин эмне кыларымды билбей калгам.

- Азыркы күндө жалгыз жашайсызбы же мурунку үй-бүлөңүзгө кайтып бардыңыз беле?

- Мурунку үй-бүлөмөн бир кыз, бир уулум, алардан жети неберем бар. Алар менен дайыма жолугушуп турганым менен кайтып барган жокмун. Азыр Элмиранын эки сиңдиси, синдисинин баласы болуп турабыз. Алар “жезде” деп сыйлап, тамагын даярдашып, Элмираны жоктотпогонго аракет кылып турушат.

- Азыр кайсы ырларын көп угасыз, кезинде сизге арнаган ыры бар беле?

- «Жан досум» деген ырын мага арнап жазган, ыры өзү да мага абдан жагар эле. Теледен жаздырган концерти бар, кээде ошону көрүп, ырларын угуп эс алып калам. Мен да ырга жакынмын, ырдап коём, ыр жазам. Элмиранын эстелигине 6 сап ыр жазгам:

«Ырга бай Ысык-Көл калды,

Ыйманың сыйлап эл калды.

Булбулун жоктоп буулугуп,

Булактуу асыл жер калды,

Жан дүйнөм кантем кейиттиң,

Жаздыгын берсин бейиштин» - деп жазып, аягына «Жан досуң» деп жазып койгом.

Бирок анын мен экенимди көпчүлүк биле бербейт.

Динара Чокоева

Булак: "Леди кж"

Последние новости