www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда өпкөнү жасалма дем алдыруучу 220 аппарат жетишпейт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

"Бүгүнкү күндө өлкөдө жасалма дем алдыруучу 572 аппарат бар. Пандемия башталгандан бери гуманитардык жардам катары 23 аппарат келген. Дагы 63 аппаратты сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Ошондой эле Өзбекстан гумжардам катары 100 BiPAP аппаратын жиберген. Учурда аппараттарды стационарларга бөлүштүрүү иштери жүрүүдө”, — деди ал.

Белгилей кетсек, акыркы сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус инфекциясын дагы 421 адам жуктуруп алды. 

Бишкек ш. – 176
Чүй облусу - 87
Ош ш. - 58
Ош облусу - 6
Жалал-Абад облусу - 40
Баткен облусу - 21
Ысык-Көл облусу - 31
Нарын облусу - 1
Талас облусу - 1

Республика боюнча: 11 538

Булак: NazarNews.kg

Последние новости